https://sputnik.kg/20230329/alkogol-ichimdik-kimge-paydaluu-okumushtuular-tyyanak-1073965097.html
Алкоголь кимге пайдалуу? Окумуштуулардын тыянагы
Алкоголь кимге пайдалуу? Окумуштуулардын тыянагы
Sputnik Кыргызстан
Дени сак адамдарга күнүнө аз өлчөмдө вино ичсе пайдалуу экени айтылды. 29.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-29T09:09+0600
2023-03-29T09:09+0600
2023-03-29T09:09+0600
медицина
алкоголь
спирт ичимдиктери
ден соолук
https://sputnik.kg/img/07e7/01/1e/1072461296_0:244:2849:1847_1920x0_80_0_0_c6ef4a4319d45b6946e902dbafa7034c.jpg
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Окумуштуулар алкоголдук ичимдиктер кээде ден соолукка пайдалуу болорун аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.Маалыматта Lancet журналына 15 жаштан 95 жашка чейинки эркектер менен аялдардын ден соолугуна алкоголдун тийгизген таасири тууралуу маалыматтардын анализи жарыяланганы айтылат.Анда олуттуу өнөкөт оорулары жок, 40 жаштан ашкан дени сак адамдарга күнүнө бир же эки бокал кызыл вино ичүү зыян келтирбестиги жазылган.Изилдөөдө алкоголь адамдардын басымдуу бөлүгү үчүн зыян экени да жазылган. Мисалы, спирт ичимдиктеринин көп дозасы жүрөк-кан тамыр оорулары, ал тургай, мээнин көлөмүн кыскартуу коркунучун жаратат.2022-жылдын май айында жарыяланган ДССУнун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнөдө үч миллион адам күчтүү ичимдиктерди ичүүнүн кесепетинен каза болот. Бул бардык өлүмдөрдүн 5,3 пайызын жана глобалдык оорулардын 5,1 пайызын түзөт.
https://sputnik.kg/20230308/konfet-narkolog-alkogolduk-ichimdik-zyyan-1073409752.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/01/1e/1072461296_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_4c9ff8d8ffb03156fe07ca54f73eb4f9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
медицина, алкоголь, спирт ичимдиктери, ден соолук
медицина, алкоголь, спирт ичимдиктери, ден соолук
Алкоголь кимге пайдалуу? Окумуштуулардын тыянагы
Дени сак адамдарга күнүнө аз өлчөмдө вино ичсе пайдалуу экени айтылды.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Окумуштуулар алкоголдук ичимдиктер кээде ден соолукка пайдалуу болорун аныкташты. Бул тууралуу
РИА Новости билдирди.
Маалыматта Lancet журналына 15 жаштан 95 жашка чейинки эркектер менен аялдардын ден соолугуна алкоголдун тийгизген таасири тууралуу маалыматтардын анализи жарыяланганы айтылат.
Анда олуттуу өнөкөт оорулары жок, 40 жаштан ашкан дени сак адамдарга күнүнө бир же эки бокал кызыл вино ичүү зыян келтирбестиги жазылган.
"Изилдөөлөргө ылайык, ал жүрөк ооруларына, инсульт жана диабетке чалдыгуу коркунучун азайтат. Бирок дарыгерлер бул нерсеге этият мамиле жасоо керектигин эскертишет", — деп айтылат маалыматта.
Изилдөөдө алкоголь адамдардын басымдуу бөлүгү үчүн зыян экени да жазылган. Мисалы, спирт ичимдиктеринин көп дозасы жүрөк-кан тамыр оорулары, ал тургай, мээнин көлөмүн кыскартуу коркунучун жаратат.
2022-жылдын май айында жарыяланган ДССУнун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнөдө үч миллион адам күчтүү ичимдиктерди ичүүнүн кесепетинен каза болот. Бул бардык өлүмдөрдүн 5,3 пайызын жана глобалдык оорулардын 5,1 пайызын түзөт.
8 Жалган Куран 2023, 09:09