Ысмайыл Кадыров — өмүр баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековКитептер. Архив
Китептер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Балдар акыны, жазуучу, журналист жана котормочу, энциклопедист Ысмайыл Кадыров Ат-Башы районунун Жаңы-Күч айылында 1951-жылы 16-июлда туулган.
1968-жылы Калинин атындагы орто мектепти, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктап, 1983-1984-жылдары Москва шаарынын полиграфия институтунда билимин жогорулаткан.

Эмгек жолу

1977-2000 — Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор болуп эмгектенген.
2000-2019 — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратында референт, эксперт, сектор башчысы.
2019-2022 — КР президентинин иш башкармасында адис болуп иштеген.
2023-жылдан КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунда башкы адис болуп эмгектенүүдө.

Чыгармалары

Алгачкы ырлары "Ленин" жана "Тоолор" деген ат менен 1969-жылы Ат-Башы райондук "Жеңиш жолу" гезитине, "Алгачкы таң тосуу" деген ыры 1972-жылы 4-июлда республикалык "Ленинчил жаш" гезитине басылган.
1979-2008-жылдары ырлары, аңгемелери, жомоктору, макалалары мезгилдүү басма сөз беттерине, "Учкун" альманахына жарыяланып, "Адеп", "Мекен таануу", "Эне тил", "Кыргыз тили", "Адабий окуу" китептеринде пайдаланылган.
Туңгуч ырлар жыйнагы "Жаштар үнү" сериясында 1988-жылы "Мектеп" басмасынан жарык көргөн.
Айрым ырлары, аңгемелери орус, түрк тилдерине которулган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз совет энциклопедиясы (4-6-томдору, 1979–1980), Советтик энциклопедиялык сөздүк (4-том, 1987), Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы (1989), Кыргыз жергеси (энциклопедия, 1990), Айыл чарба энциклопедиясы (1990), Математика (кыскача энциклопедия, 1991), Ден соолук (Медициналык энциклопедия, 1991), Бул ким. Ал эмне? (Балдар энциклопедиясы, 1992, 2-басылышы 2000), Физика (Кыскача энциклопедия, 1994), Чүй облусу (1994), Ысык-Көл облусу (1995), Манас (Энциклопедия, 1, 2-том, 1995), Талас облусу (1995), Нарын облусу (1998), Кыргызстан (Энциклопедия, орусча, кыргызча, 2001), Физкультура жана спорт (Энциклопедия, 2002), Жалал-Абад облусу (2003), Кыргыз тарыхы (Энциклопедия, 2003), Кыргызстан географиясы (2004), Астрономия (Энциклопедиялык окуу куралы, 2004), Кыргызстан (Улуттук энциклопедия, 1-7-том, 2006-2015). энциклопедияларынын авторлорунун бири.

Сыйлык, наамы

1994-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы берилген;
2011-жылы — Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;
2021-жылы — Даңк медалы менен сыйланган;
2016-жылдан бери Нарын облусунун ардактуу атуулу;
1997-жылы — Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги төш белгиси;
2002-жылы — Кыргыз Республикасынын кесиптик-техникалык билим берүү отличниги төш белгиси;
2011-жылы — Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси;
2014-жылы — КР мамлекеттик кызматынын отличниги төш белгиси, "Кыргызстандын профсоюздарына сиңирген эмгеги үчүн" КПФнын Ардак төш белгиси;
2021-жылы — КР Педагогдор коомунун Педагогиканын каарманы медалы менен сыйланган.
2004-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгынын, 2017-жылы КР өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыгынын лауреаты болгон. 2021-жылы "Кыргыз акын-жазуучулары" коомдук фондунун "Алтын калем" диплому менен сыйланган. Ошондой эле "Литературная Азия" эл аралык адабий конкурсунун жеңүүчүсү.
2004-жылы Эл аралык "Түгөлбай Ата" коомунун "Көк асаба" диплому жана лауреаттык диплому менен сыйланган. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын "Кыргыз тили", 2020-жылы "Кыргыз тили" коомунун "Ыйык тил" төш белгилерине татыктуу болгон. 2011-жылы А.Токомбаев атындагы адабий сыйлыктын, 2021-жылы Г. Момунова атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты.
1980-жылдан СССР жана Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1990-жылдан Айтматов клубунун, 1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун, 2007-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият ишмерлери ассамблеясынын мүчөсү.
2022-жылдан "Кыргыз тили" коомунун президентинин кеңешчиси. Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. 1998-жылдан Терминология комиссиясынын мүчөсү. 2021-жылдан И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору.

Үй-бүлөсү

Жубайы Шарипа педагог, уул-кыздары Эрлан — мамлекеттик кызматкер, Марал — педагог, Лазат — медстатист.
Жаңылыктар түрмөгү
0