Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Сокеев: 2025-жылы кайрадан кургакчылык болушу ыктымал

© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуАйыл чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев
Айыл чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев сугат суу менен камсыздоо иштери тууралуу айтып берди.
Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал. Ошондуктан азыртадан баштап даярдык көрүлүшү керек. Бул тууралуу Алмазбек Сокеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Сокеев: 2025-жылы кайрадан кургакчылык болушу ыктымал
Анын айтымында, соңку убакта кургакчылыктын цикли 5-6 жылдан кыскарганы байкалууда.

"Негизи кургакчылык цикли 6-12 жылда бир кайталанып турат. Бирок климаттын өзгөрүшүнөн улам суу тартыш болгон жылдардын аралыгы кыскарууда. Мисалы, 2020-жыл жана 2021-жылда кургакчылык болду. Быйыл дагы ошондой эле көрүнүш болуп жатат. Анткени 2021-жылга салыштырмалуу суунун аккан көлөмү эки эсе, нормадан төрт эсе аз болду. Ушундан улам май айында дыйкандар кыйналып, жазга айдап-себүү иштерине терс таасирин тийгизди. Өткөн жылы 951 миллион сом бөлүнүп миң чакырым канал тазаланса, 250 чакырымы оңдоп-түздөлдү. Насостук станциялардагы 300 агрегаттын 56сы алмаштырылып, ирригацияны жакшыртуу иштери дагы да улантылууда. Натыйжада айдоо мезгилинде суу тартыштыгынын кесепети анча сезилбей өтүп жатат. Бул маселени толук чечүү үчүн дагы көптөгөн иштер жасалышы керек. Анткен менен июнь айында дарыялардагы суунун көлөмү көбөйүп, нормадан көп келе баштаганы байкалууда. Кургакчылык цикли мурда 5-6 жылда бир кайталанса, азыр эки жылда эле келип калып жатат. Ошондон улам 2025-жылы дагы аба ырайына байланыштуу суу тартыш болушу ыктымал. Азыртан даярдык көрүлүп, бул багыттагы башталган реформаларды, курулуштарды жыйынтыктап жетишүү зарыл. Быйыл дагы миллиард сомго чукул каражат каралары болжолдонуп, анын 30 пайызы бөлүндү. Бир катар канал, суу сактагычтардын курулушу жүрүп жатат же башталуу алдында турат. Болгону бул багыттагы кадрлардын жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Маянасы аз болуп көбү жеке секторго же башка тармактарга кетип калган. Учурда долбоордун башкы инженеринен (ГИП) үч-төртөө гана калды. Бул маселени чечүү үчүн тийиштүү сунуштар берилди", — деди Сокеев.

Ошондой эле ал ички чарба каналдарды оңдоп-түзөөгө 600 миллион доллар керектелерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0