Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мөңгү суулары 2040-жылдан соң кескин азая башташы болжолдонууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов. Архив
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2023
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов жаратылышка аяр мамиле жасалбаса 15-20 жылдан соң суу көйгөйү жаралышы ыктымалдыгын айтты.
Биздин илимий борбор климаттык проекция жасап келет. Анын алкагында Борбор Азиянын климатына келечекке божомол жүргүзүү долбоорунун алгачкы жыйынтыктарын ала баштадык. Ал негизинен эки багытта, климаттык жана социалдык-экономикалык сценарий боюнча жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мөңгү суулары 2040-жылдан соң кескин азая башташы болжолдонууда
Илимпоздун айтымында, аталган иликтөөгө таянып келечекке жасалчу божомолдор "катуу сценарий" жана "жумшак сценарий" боюнча ишке ашышы мүмкүн.

"Климаттык проекцияда биз алгач бир чарчы метр жерге канча күндүн нуру же болбосо радиация келип түшөрүн аныктадык. Илимий божомолдор боюнча, 2050-60-жылдары абанын температурасы +1 градуска жогорулайт. Ал эми 2100-жылдары 1,5 градуска чейин көтөрүлөт. Бул — эгер "жумшак сценарий" менен жашоо жүрүп бир чарчы метр жерге 2,6-2,8 ватт чарчы радиация түшсө күтүлө турган кадамдар. Ал эми биз көмүр жагууну токтотпой, бөлүнүп чыккан парник газын жана табиятка терс таасирин тийгизген башка факторлорду азайтпай жүрүп отурсак, анда бир чарчы метр жерге 8,5 ваттка чейин радиация туура келип, жыйынтыгында абанын температурасы нормадан + 5... +5,5 градуска жогорулап кетиши мүмкүн. Мындан улам суу ресурсу болгон мөңгүлөр эрип, аянты кескин кыскарат, 2040-жылдарга чейин мөңгү көп эригендиктен суу тартыштыгы жаралбайт, бирок андан кийин кургакчылык көйгөйү пайда болот", — деди Сатылканов.

Ал келечекке илимий божомол немец, француз окумуштуулары жана норвегиялык метеоборбор менен биргеликте жасалганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0