17-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2023
Жазылуу
17-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +34...+39, Таласта +31...+36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарында +23...+38 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +36...+38, Чолпон-Атада +23...+25 жана Ош шаарында +37...+39 градусту көрсөтөт.
Күндөн калкаланып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Июль ичинде аба ырайы кандай болот. Бир айлык божомол
Жаңылыктар түрмөгү
0