Табиятты уулай берсек 15-20 жылдан кийин кургакчылык күч алат. Илимпоздун маеги

© Sputnik / Эмиль СадыровКыргызстандагы Чу дарыясы. Архив
Кыргызстандагы Чу дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Жазылуу
Быйылкы суу тартыштыгы кыргызстандыктарды дагы бир ирет мөңгүлөрдүн келечеги тууралуу ойлондурду. Окумуштуулардын айтымында, буга бир нече себеп бар.
Май айында күндүн табы нормадан төмөн болуп, мөңгүлөр жетишерлик көлөмдө эриген эмес. Бул тендеция соңку жылдары кайталанып жатканын Улуттук илимдер академиясынын Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институтунун Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун жетекчиси Рысбек Сатылканов Sputnik Кыргызстан радиосуна курган маегинде айтып берди.
© Sputnik / Асел АкматРуководитель Тянь-Шанского высокогорного научного центра при Национальной академии наук КР Рысбек Сатылканов
Руководитель Тянь-Шанского высокогорного научного центра при Национальной академии наук КР Рысбек Сатылканов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2023
Руководитель Тянь-Шанского высокогорного научного центра при Национальной академии наук КР Рысбек Сатылканов
Окумуштуу адамзат табиятка болгон мамилесин өзгөртпөсө келечекте кооптуу жагдайлар жараларын билдирип, өзү жетектеген илимий борбордун айрым изилдөөлөрүнүн жүрөк үшүн алчу жыйынтыктарын ачыктады.
— Рысбек Абылаевич, былтыр, быйыл жаз мезгилинде болуп жаткан суу тартыштыгы эмнеден кабар берет?
— Биздин илимий борбор 1948-жылдан бери мөңгүлөргө метеостанцияларды жайгаштырып байкоо жүргүзүп келет. Метеостанциялар Сары-Төр, Борду, Григорьев, Кара-Баткак мөңгүлөрүндө жайгашкан. Мындан сырткары, Кум-Төрдө метеостанция бар. Бул станциялар Ысык-Көлдүн тегерегинде Тескей Ала-Тоодо, Ак-Шыйрак массивинде, Кум-Төрдүн тегерегинде Нарын бассейни менен Сары-Жазда байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт. Мисалы, Сары-Төр мөңгүсүндө 4080 метрде орнотулган метеостанциянын маалыматын алсак, 2021-жылы май айында абанын температурасы 2,4 градус суук болсо, 2022-жылы — 0,4, быйыл 5,1 градус төмөн болгон. Кара-Баткактын маалыматы боюнча, 2020-жылы +1 градус, 2021-жылы +1,3, 2022-жылы +2,2 градус, ал эми быйыл -1,6 градус суук болгон. Бул быйыл ушул айда жылдагыдан күн салкын болуп мөңгүлөр жакшы эрибегендигинен кабар берет.
Суу тартыштыгын жараткан дагы бир фактор — бул соңку жылдарда кардын аз жаап жатышы. Мисалы, 2015-2016-жылдары апрель айында кардагы суунун запасы 400 миллиметрди түзсө, 2017-жылдан тарта азайып отуруп, быйыл 180 миллиметрди көрсөттү.
— Муну табигый көрүнүш деп атоого болобу же адамзаттын жаратылышка одоно мамиле жасоосунун кесепетиби?
— Борбор азыркы Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөр 1850-жылдан бери карай кандай өзгөргөнү тууралуу илимий изилдөө жүргүздү. Ага ылайык, мындан 170 жыл мурда мөңгүлөрдүн көлөмү 11 миң 500 чарчы чакырымга жетсе, 1960-70-жылдары 80 миңди түзөн. Азыркы учурда 6 684 чарчы чакырым чыгат. Ал эми 13 миң жыл илгери биздин өлкөнүн аймагында 60 миң чарчы чакырым мөңгү болгонун илим аныктады. Мөңгүлөрдүн кыскаруу темпи соңку жылдары ылдамдоодо. Мисалы, мурда орто эсеп менен 1 метр 70 сантиметрден эрисе, кийинки учурда жылына 3 метрге чейин мөңгү эрип турат. Бул кубулуш 9 стадияга бөлүнөт. Ар биринин аралыгы 1700 жылды камтыйт. Азыр биз 8-стадиясында турабыз. Эгер мөңгүлөрдүн эриши ушул калыпта уланса, анда 200 жылдан соң азыр айтылып жаткан глобалдык жылуулук токтоп, глобалдык суук же муз доору келиши ыктымал. Мында бул табияттын өзүнүн мыйзамыбы же адамдардын таасири канчалык деген суроо жаралат. Мен бир гана мисал көрсөткүм келет. БУУнун эл аралык климаттын өзгөрүшүн иликтеген окумуштуу эксперттеринин маалыматы боюнча, 2019-жылы парник газынын эмиссиясы 36,4 миллиард тонна болсо, коронавирус пандемиясы учурунда завод, фабрикалар ишин токтотуп, автомобилдик кыймылдар азайган 2020-жылы 2,2 миллиард тоннага түшкөн. Мына ушундан эле антропогендик таасирдин канчалык экенин көрсөк болот.
— Мындай жол менен жүрүп отурсак канча убакыттан кийин кандай коркунучтарга кептелишибиз мүмкүн?
— Биздин илимий борбор климаттык проекция жасаган. Анын алкагында Борбор Азиянын климатына келечекке божомол жүргүзүү долбоорунун алгачкы жыйынтыктарын ала баштадык. Ал негизинен эки багытта, климаттык жана социалдык-экономикалык сценарий боюнча жүргүзүлүүдө. Аталган иликтөөгө таянып айта турган болсок, келечекке жасалчу божомолдор "катуу сценарий" жана "жумшак сценарий" боюнча ишке ашышы мүмкүн. Климаттык проекцияда биз алгач бир чарчы метр жерге канча күндүн нуру же болбосо радиация келип түшөрүн аныктадык. Илимий божомолдор боюнча, 2050-60-жылдары абанын температурасы +1 градуска жогорулайт. Ал эми 2100-жылдары 1,5 градуска чейин көтөрүлөт. Бул "жумшак сценарий" менен жашоо жүрүп, бир чарчы метр жерге 2,6-2,8 ватт чарчы радиация түшсө күтүлө турган кадамдар. Эгер биз көмүр жагууну токтотпой, бөлүнүп чыккан парник газды жана башка табиятка терс таасирин тийгизген факторлорду азайтпай жүрүп отурсак, анда бир чарчы метр жерге 8,5 ваттка чейин радиация туура келип, жыйынтыгында абанын температурасы нормадан 5тен 5,5 градуска чейин жогорулап кетиши мүмкүн. Мындан улам суу ресурсу болгон мөңгүлөр эрип, аянты кескин кыскарат, 2040-жылдарга чейин мөңгү көп эригендиктен суу тартыштыгы жаралбайт, бирок андан кийин кургакчылык көйгөйү пайда болот. Бул илимий божомолдор немец, француз окумуштуулары жана норвегиялык метеоборбор менен биргеликте жасалды.
Төрткүл суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Кыргызстан Орто Азияны климаттык апааттан сактап кала алат. Суу тууралуу маек
Жаңылыктар түрмөгү
0