Иманкулов: Кыргызстан чек ара боюнча Тажикстанга өз сунушун берди

© Фото / пресс-служба президента КРКР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов. Архив
КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Тажикстан менен чек ара маселеси чечилет деген ишенимин билдирди.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен тажикстандык кесиптеши Эмомали Рахмондун жакында Чолпон-Атада өткөн жолугушуусунда кыргыз тарап чек ара маселеси боюнча тажик тарапка сунуш киргизгенин КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

"Президент Жапаров өз позициясын айтты. Бизде саясий эрк бар. Тажикстанга да, башка өлкөгө да эч кандай аймактык дооматыбыз жок", - деди Иманкулов "Биринчи радионун" эфиринде.

Ал ошондой эле жолугушуулардын биринде эмне үчүн алыскы тарыхка кайрылбаш керек экенин тамаша-чынга салып айтып бергенин эскерди.
"Мен бир жолугушууда тамашалап Кыргыз каганатын эстейли, ал кандай кенен аймактарды ээлеген... Мындан 50-100 жыл мурункуну карасаң көп нерсени өзгөртүүгө туура келет. Ал кезде кээ бир мамлекеттер жок болчу. Ооба, чек ара маселесин чечүү оңой эмес. Бирок бул бир гана жол менен чечилчү маселе. Сүйлөшүүлөр, дипломатия аркылуу. Кээде компромисске барыш керек. Татаал аймактар бар, алар боюнча жергиликтүү калктын пикирин эске алуу менен чечим кабыл алабыз. Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусунда президентибиз өзүнүн сунушун айтты, алар карап жатышат”, - деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Буга чейин ал чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялардын сүйлөшүүлөрүндө тажик тарап 1924-1927-жылдардагы карталарды колдонуу керектигин билдиргенин айткан.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапров Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен Чолпон-Атадан жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукту. Талкууланган маселе
Жаңылыктар түрмөгү
0