15-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Владислав НогайАла-Тоо аянтындагы Бишкек тургундары. Архив
Ала-Тоо аянтындагы Бишкек тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Жазылуу
15-июнга караган түнү Ош менен Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас өрөөнүндө +29...+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көлдө +24...+29, ал эми Нарында +20...+25 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +32...+34, Ошто +35...+37, ал эми Чолпон-Атада +24...+26 градуска жетет.
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2023
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү эмнеге азайды? Энергетиктердин жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0