Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Окумуштуу: Пушкиндин бир эле чыгармасын 17 акын-жазуучу которгон учурлар бар

© Sputnik / Асел АкматИшеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, пушкинтаануучу Гүлжигит Соронкулов
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, пушкинтаануучу Гүлжигит Соронкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2023
Жазылуу
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор, пушкинтаануучу Гүлжигит Соронкулов классик акын тарыхты жакшы билген сүрөткер болгонун айтты.
Окумуштуулар Пушкиндин чыгармачылыгы кыргыздарга үч жол менен келди деп белгилешет. Биринчиси, акын Тоголок Молдонун атасы Михаил Фрунзе менен жакын дос болгондуктан экөөнүн алакасынын арты менен Пушкиндин чыгармалары кыргыздарга тараган. Экинчиден, казак, татар тилине которулган чыгармалары жете баштаган. Ошондой эле орус-тузем мектептеринен билим алган кыргыз жаштары да окуу программасынын алкагында акындын поэма, кара сөзү менен таанышышкан. Мындай пикирин Гүлжигит Соронкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Окумуштуу: Пушкиндин бир эле чыгармасын 17 акын-жазуучу которгон учурлар бар
Анын айтымында, XX кылымдын башынан тарта кыргыз акын-жазуучулары Пушкиндин стилине салып, анын тажрыйбаларын колдоно башташкан.
"Александр Пушкинди эгер акын болбосо, тарыхчы болмок деп коюшат. Анын чыгармаларында "киргизцы", "кергызцы" деген аталышта улут же каарманга тиешелүү ыр саптары көп кездешет. Мындан анын ала-тоолук кыргыздар тууралуу кабардар болгонун түшүнөбүз. Ал чынында тарыхка абдан кызыккан, аны жакшы билген инсан болгон. Ошондуктан дагы жазылган чыгармалары таасирдүү болсо керек. Пушкинди адабиятта улуулукка жеткирген дагы бир өзгөчөлүгү — ал кайсы улут тууралуу жазбасын, ошол улуттун өкүлүндөй таасир калтырат. Мына ушундай кыйын сүрөткер. Бул да болсо ошол эле тарыхты мыкты билгени, башка этностордун маданиятын жакшы талдай алганы анын көрөңгөсүнүн тереңдигинен кабар берет. Ушундай классик акындын чыгармалары кыргыз адабиятында XX кылымдын башынан тарта которула баштады. Чыгыш поэзиясында "назира" деп коет, бир эле эски чыгарманын жаңы вариантын жазуу же ошого окшогон чыгарма жаратуу ыкмасы бар. Муну өз кезегинде атаандаштык десек да болот. Пушкиндин чыгармаларын кыргыз тилине которууда мына ушул назира ыкмасы көп колдонулган. Бир эле чыгармасын 17 жолу, 17 башка вариантта, 17 котормочу иштеп чыккан учурлар кездешет", — деди Соронкулов.
Окумуштуу Пушкин адабиятта тактыкка өзгөчө көңүл бурган, достукту, тынчтыкты даңазалаган акын болуп кала берерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0