Бала күнүгө ата-энеден 80 жакшы сөз угушу керек. Нарында үйдөгү зомбулукту жоюу иштери

© Фото / Pexels / Ketut SubiyantoАял кызы менен ойноп жатат. Иллюстративдик сүрөт
Аял кызы менен ойноп жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Жазылуу
Бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулук деген эмне экенин түшүнбөгөн ата-энелер көп. Ушул жылдын 1-июнуна карата Нарын району боюнча эле турмуштук оор кырдаалга туш болгон 58, Нарын шаары боюнча 112 бала аныкталган.
Үй-бүлөлүк зомбулук — учурдун чоң көйгөйү. Бул жаатта Нарында кандай иштер жасалып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык камсыздоо, миграция башкармалыгын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Султаналиева айтып берди.
— Алгач бөлүм кандай иштер менен алек болорун айтып берсеңиз?
— Балдар жөнүндө кодекске ылайык, бөлүмдүн 28 функционалдык милдети бар, андан сырткары, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча, гендердик теңчиликке жетишүү боюнча, ошону менен бирге адам сатууга каршы күрөшүү да биздин кызматтык милдетке кирет. Нарын району жана Нарын шаары боюнча үчтөн адис эмгектенип, турмуштун оор кырдаалына туш болгон балдар жана анын үй-бүлөсү менен иш алып барышат.
© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковНарын шаарында иштеген социалдык педагогдорду, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрүн, ИДН инспекторлорун окутуу болду.
Начальник отдела защиты семьи и детства НМУТиСОМ Гульмира Султаналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Нарын шаарында иштеген социалдык педагогдорду, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрүн, ИДН инспекторлорун окутуу болду.
— Статистика көңүл жубата бербесе керек?..
— 2023-жылдын 1-июнуна карата Нарын районунда турмуштук оор кырдаалга туш болгон 58, ал эми Нарын шаары боюнча 112 бала аныкталды. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу максатында акыркы эки жылдан бери балдарга позитив тарбия берүү багытында иш жүргүзүп жатабыз. Нарын шаарында иштеген социалдык педагогдор менен зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттин мүчөлөрүн, ИДН инспекторлорун окуттук. Алар кайра сегиз орто мектепте 1 036 ата-энеге балдарга позитив тарбия берүү боюнча лекция окушту. Ушундай эле иш-чара Нарын районунда дагы өткөрүлдү. Программа баланы кантип эч кандай шарты жок эле сүйүш керек, кантип туура шыктандырыш керек, чоң адам кантип ачуусун башкара билиши керек деген темаларды камтыды.
© Sputnik / Алмазбек ОмурзаковНарын райондор аралык эмгек жана социалдык камсыздоо, миграция башкармалыгын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Султаналиева
Начальник отдела защиты семьи и детства НМУТиСОМ Гульмира Султаналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Нарын райондор аралык эмгек жана социалдык камсыздоо, миграция башкармалыгын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Султаналиева
— Ата-энелердин реакциясы кандай болду?
— Зордук-зомбулук эмне экенин, анын бүгүнкү күндө курч көйгөй экенин түшүнбөгөн ата-эне арбын. Көпчүлүгү "балама туура тарбия берип жатам", "катуу кармап жатам" деп ойлойт, бирок баланын муктаждыгына кайдыгер болуу дагы зордук-зомбулук болуп эсептелерин билишпейт. Бир нерсе жасап койгону, же сабактан "5" алганы үчүн эмес, ата-эне баланы турган турпаты үчүн сүйүшү керек. Психологиялык абалынын туруктуу болушу үчүн бир күндө бала ата-энеден 80 жакшы сөз угушу керек. Балдарга семинар өткөн учурда ушинтип айтсам, "эже, мен 80 жакшы сөз уксам учуп кетем го" деп айтышат, демек, балдар дагы буга даяр эмес. Балдар "кыргызча 80 жакшы сөз жок да" дешет. Мен "эгер угуп эле, же айтып эле койсоң сен даана жарыласың, аны кайта 120 кылып айтканды үйрөнүшүң керек, анткени эртең эле сен кайра ата-эне болосуң, сенин балаң да ошого муктаж болот" деп айтам. Жакшы мамиле, жакшы сөз жок болгондуктан, жетпеген сүйүүнү өспүрүм көчөдөн издеп жатат. Тилекке каршы, ал сүйүүнү туура эмес жактан таап жатат. Сүйүү жетпегендиктен балдарыбыз өмүрүнө кол салууда. Туура эмес иштерге дагы барып жатат. Ата-эненин бала менен, баланын ата-эне менен иши жок.
© Sputnik / Алмазбек Омурзаков Гүлмира Султаналиева: Психологиялык абалынын туруктуу болушу үчүн бир күндө бала ата-энеден 80 жакшы сөз угушу керек.
Начальник отдела защиты семьи и детства НМУТиСОМ Гульмира Султаналиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2023
Гүлмира Султаналиева: Психологиялык абалынын туруктуу болушу үчүн бир күндө бала ата-энеден 80 жакшы сөз угушу керек.
— Балага үлгү биринчи кезекте ата-эне эмеспи.
— Ооба. Ата-эненин бири-бири менен урушуп жатканын көргөн, экөөнү арачалаган бала да психологиялык зомбулукка кабылган болуп эсептелет. Бир үйдө чогуу жашап жүрүп эле баласынын сексуалдык ыдык көрүп жүргөнүн байкабай калган ата-энелер да бар.
Жыл башынан бери Нарын району менен шаарында жалпы 58 балага зомбулук жасалган факт катталган. Ошонун арасындагы 25 бала психологиялык запкы көргөн, 29 баланын дене-боюна залал келтирилсе, төрт бала сексуалдык зомбулукка кабылган.
Конфиденциалдуулуктан улам атын атай албайбыз, аттуу-баштуу окуу жайдын ректору болуп иштеген адам баласына катаал мамиле жасачу экен, ошондон бала үйүнөн үч жолу качты. Тиешелүү иштерди жүргүзүп, балага андай мамиле кылуу туура эмес экенин түшүндүрүүгө аракет кылдык. Ал бала дагы кризистик борбордо 10 күндөй жаткандан кийин жакшы болуп калды.
Өкүнүчтүү учурлар дагы болуп кетет, жогоруда баласынын зордук-зомбулукка кабылганын билбей калган ата-энелер болот дебедимби. Нарын шаарында жылдын башында үрөй учурган факты катталды. 51 жаштагы кошунасы ата-энесинин жоктугунан пайдаланып, 2, 4 жана 8 жашар балдарга карата эки жыл бою ыплас аракеттерди кылып жүрүптүр. Ал киши 18 жылга соттолду. Таятасы өзүнүн кызын аял кылып алганы аз келгенсип, төрт жашар небересин колу менен зордуктаптыр. Ал киши психологиялык жактан жабыркаган адам экен, азыр Кызыл-Жарда. Бала коргой турган адамдардан кордук көрүп жатканы үрөй учурат.
— Оор кырдаалга кабылгандар кайда, кимге кайрыла алат?
— Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болуп барар жери жокторду Нарын шаарындагы "Аруу-Тилек" кризистик борбору жана "Ала-Тоо ажары" кризистик борборунан күтүп алабыз. Жабыркагандар ошол жерге жайгаштырылып, жардам ала алат.
Отурргучта отурган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.02.2023
Психолог: бактысыз ата-эненин балдары кийин үй-бүлө кура албай кыйналат
Зордук-зомбулук. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2022
Ай сайын Бишкек шаардык ооруканасына үй-бүлөлүк зомбулуктан 40-50 аял түшөт
Жаңылыктар түрмөгү
0