Адам укугу боюнча кеңеш: РФтеги мигранттардын баарынын балдары мектепте окушу шарт

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүМосквадагы мектепте мигранттардын балдарын окутуп жатат. Архив
Москвадагы мектепте мигранттардын балдарын окутуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2023
Жазылуу
Адам укугу боюнча кеңеш мигранттардын балдарынын баары мектепке барыш үчүн аларга орус тилин үйрөтүү чакырыгын таштады.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik, Михаил Воробьев. Россиядагы мигранттардын балдарынын жарымынан тарта төрттөн үч бөлүгүнө чейин орус тилин начар билет же такыр эле түшүнбөйт. Бул тууралуу РФ президентинин Адам укугу боюнча кеңешинин башчысы Валерий Фадеев билдирди.
"Россиядагы мыйзамдардын негизинде анын аймагында жашаган балдар РФ жарандыгы болбосо да мектепте окуганга укугу бар. Бирок алар орус тилин билбесе кантип окушат?" — деп суроо салган ал "Россия сегодня" медиа тобунда өткөн маалымат жыйында.
Омбудсмендин пикирине караганда, мындай балдарды мектепке дароо алууга болбойт, алгач аларга билим берүү программасын өздөштүргүдөй кылып орус тилин үйрөтүү керек.
"Бул — балдардын укугун бузуу эмес, тескерисинче. Бул — ар бир баланын мектепке окуу жана орто билим алуу укугун ишке ашыруу аракети", — деп белгилеген Фадеев.
Агартуу министрлиги бул көйгөйдү чечүү боюнча активдүү иш алып барып, орус тилин үйрөтүү боюнча атайын курстарды түзүп жатат.
"Кыязы, мыйзамга орус тилин милдеттүү түрдө үйрөтүүнү талап кылган өзгөртүү киргизилет. Окутуу бекер болот. Бала мектепке киргенге чейин ага орус тили акысыз үйрөтүлөт", — деди ал.
Фадеев орус тилин үйрөтүү курсунун иштешине ал балдар бара турган мектептердин мугалимдери аралашышы керектигин белгиледи.
"Биздин сунуш — ал балдар бара турган мектептердеги мугалимдер же атайын курстан өтүп аларга тил үйрөткөндөр экзамендерге катышуусу керек", — деген ал.
Фадеевдин пикирине караганда, андай болгондо балдардын тилди чын эле үйрөнүп, мектеп программасын өздөштүрүшүнө мугалимдердин кызыкдарлыгы жаралат.
Ал мигранттардын бүлөлөрүндө уул-кыздарынын мектепке барышына каршы болгон да миңдеген, он миңдеген учурлар кездешкендигин билдирди. Фадеев бардык мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары мектепке баргыдай кылып, тиешелүү иш-чараларды аткаруу керектигин кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2022
Акылбек Жапаров: ЕАЭБде иштеген мигранттарга ыңгайлуу шарттарды иштеп чыгуу керек
Жаңылыктар түрмөгү
0