00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
2 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Чокуларды каптаган таштанды — экоактивисттер Ленин чокусундагы таштандыларды тазалашты
09:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Новые правила для такси: что изменится на рынке после решений мэрии Бишкека?
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ысык-Көлдө саркынды суулар системасы, тейлөө кызматы, баалар, суу транспортунун иши жөнгө салынууда
13:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Окшош каштар, жасалма кирпиктер. Сулуулук стандарттарын ким аныктайт же жасалмалуулуктун ден соолукка таасири
13:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Дем берүүчү гранттар аркылуу жети айда 112 долбоор каржыланды
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новые самолеты, аэропорты и проверка ИКАО: какие изменения происходят в гражданской авиации Кыргызстана
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Дем берүүчү гранттар аркылуу жети айда 112 долбоор каржыланды
23:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖК менчик стратегиялык объектилерди өкмөткө сатуу мыйзам долбоорун четке какты

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Мыйзам колдоо тапса, жеке ишкердин компаниясы стратегиялык объектиге кирип калгандан кийин сата турган болсо биринчи мамлекетке сунуштоого милдетүү болмок.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети стратегиялык объектилердин тизмесин Жогорку Кеңештин макулдугусуз эле бекитип же чыгарууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштады.
Аталган демилге бүгүн парламентте экинчи окууда каралып, көптөгөн талаш-тартыштан кийин четке кагылды.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов тизме Коопсуздук кеңешинин сунушу менен өкмөт тарабынан бекитилерин айтты. Ал эми жеке ишкердин компаниясы стратегиялык объектиге кирип калгандан кийин сата турган болсо, биринчи мамлекетке сунуштоого милдеттүү болот.

"Ишкер өзү белгилейт. Эгер өкмөт алуудан баш тартса, анда башкаларга сатуу укугу берилет. Стратегиялык объектилерди чет өлкөлүк ишканаларга же бизнеске сатып ийгенде экономикалык диверсия болуп кетүүдө. Чоң-чоң заводдорду инвестордун кейпин кийип келип сатып алып, токтотуп койгон учурлар көп болуп жатпайбы", — деди Макешов.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоор боюнча жеке менчик ишканалардын кирешеси 100 миллион сомдон жогору болсо же 1000ден ашуун адам иштесе кааласа-каалабаса да стратегиялык объектиге автоматтык түрдө кирип каларын айтып сынга алды. Ал менчик такыр кол тийгис болушу керек деп эсептейт.
Ал эми Улугбек Ормонов буга чейин стратегиялык объектилердин тизмеси Жогорку Кеңештин макулдугу менен бекитилип, чыгарылып келгенин белгиледи.
"Акырындык менен өкмөт тизме түзгөндү өзүнө алды, эми чыгарганда да ЖКны көңүл сыртында калтырууда. Бул өтө кооптуу. Стратегиялык объектилер Кыргызстандын менчиги, ага өтө маанилүү гана объектилер кирет. Андыктан бул мыйзам туура эмес", — деди депутат.
Аманкан Кенжебаев да стратегиялык объектилерди министрлер кабинети өз алдынча каалагандай калчай бериши туура эместигин айтты.
Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбооруна каршы добуш берип, артка кайтарды.
Аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Парламент аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узарткан мыйзам долбоорун кабыл алды
Жаңылыктар түрмөгү
0