Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Кыргызстанда жаңы туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖайлоодогу боз үйлөр. Архив
Жайлоодогу боз үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Туризм департаментинин өкүлү мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун тастыктаганын белгиледи.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жаңы туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталганын Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Жантай МакеновТуризм департаментинин жетекчиси Кыял Кенжематова
Заместитель директора Департамента туризма Кыял Кенжематова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Туризм департаментинин жетекчиси Кыял Кенжематова
Анын айтымында, сунуш Экономика министрлигине жөнөтүлдү (департамент аталган ведомствонун карамагында). Мында кеп жаңы мейманканаларды, тоо-лыжа базаларын, туристтик жана этнокомплекстерди салыктан бошотуу тууралуу жүрүүдө. Максаты — жаңы объектилерге "бутуна туруп алууга" мүмкүнчүлүк берүү.
Кенжематова ушундай эле тажрыйбаны коңшу Өзбекстан колдонуп келерин, ал өзүнүн майнаптуулугун көрсөткөнүн кошумчалады.
Туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Пресс-борбор
Кыргызстанга быйыл 10 млн. туристтин келиши күтүлүп жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0