Көчкөн Сактанов — өмүр баяны

Китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2023
Жазылуу
Көчкөн Сактанов 1942-жылы Ош облусуна караштуу Алай районунун Кең-Жылга айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган.
Өзгөчө мазмундагы чыгармалары менен кыргыз адабиятынын казынасын толтурууга зор салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу Көчкөн Сактанов прозаларында тарыхый инсандардын тагдыры аркылуу жалпы коомдук турмуштун мезгил менен болгон кармашын чебер чагылдырып бере алган.
1959-жылы өз айылындагы орто мектепти бүтөрү менен Көк-Жаңгак шахтасына электровоздун машинисти болуп ишке орношот.
1967-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүнө тапшырган. Ал студент кезинен эле адабий, илимий чөйрөгө активдүү аралашып, 1968-жылдан тарта Кыргыз совет энциклопедиясында адегенде кенже, кийин улук редактор, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.
Жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап бир нече мекемеде иштеген соң, 1977-1980-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинин редактору, 1980-83-жылдары "Ала-Тоо" журналынын бөлүм башчысы, 1983-жылдан тарта "Кыргызфильм" киностудиясынын редактору, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын адабий бөлүмүнүн редактору кызматтарын аркалаган. Көчкөн Сактановдун кесиби журналист да болгондуктан эл аралык "Азаттык" радиостудиясынын республикалык кабарчысы болуп эмгектенген.
Анын журналистика тармагындагы тажрыйбасы сөз менен иштөө чеберчилигин өстүрүп чыгармачылыгына, кийин эмгек жолун Кыргыз-түрк "Манас" университетинде уланткан кезинде окутуучу катары жемиштүү иштешине шарт түзгөн.
Көчкөн Сактанов мектепте окуп жүргөндө эле колуна калем кармап, алгачкы аңгемелери "Кыргызстан пионери", "Ленинчил жаш" басылмаларына, такшала баштаганда "Кыргызстан маданиятына", "Ала-Тоо" журналына жарыяланып турган. Арийне жазуучунун адабияттагы алгачкы кадамы 1968-жылы чыккан "Үчөөнүн жүрөгү" аттуу повестинен башталат. Бул китеп окурмандар менен адабий коомчулуктун көңүлүн буруп, калемгердин андан аркы чыгармачылык жолу шыдыр жана ийгиликтүү уланат да, көп өтпөй кыргыздын белдүү жазуучуларынын катарын толуктайт. Атүгүл айрым чыгармалары мектеп программасына да киргизилет.
Калемгер повесть, романдарында тарыхый доорлордун катаал кырдаалын, тагдырдын оор соккусуна туш болгон улуу инсандардын бейнесин ачып берүүдө чеберчилигин көрсөтө алган.
Айрыкча, биринчи профессионал кыргыз сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин өмүрү-чыгармачылыгын, инсандык образын ачып берген жана репрессиянын күнөөсүз курмандыгы болушкан улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүнүн жаркын элесине арнаган "Маркумдар үнү" романы менен көбүрөөк таанылды.
СССР жазуучулар союзунун мүчөсү окурмандарга "Апама кат", "Умтулуу", "Адат азабы" (үч жолу басылган), "Мурас", "Маркумдар үнү", "Чөөлөрдүн заманы", "Искендер Зулкарнайн", "Алымбек датка", "Атилла" жана башка чыгармаларын тартуулаган.
Таланттуу жазуучу проза жанрынан тышкары драматургияда да калемин сынап көргөн. Анын бир топ драмаларынын, трагикомедияларынын ичинен "Бүттү, быйыл күйөөгө чыгам" аттуу сатиралык чыгармасы кеңири белгилүү. Ошондой эле Төлөгөн Касымбеков менен биргелешип "Курманжан датка" тарыхый драмасын жазган.
Көчкөн Сактанов адабиятка, маданиятка сиңирген эмгеги үчүн 2011-жылы Кыргыз эл жазуучусу наамына татыйт. Ошондой эле бир топ медаль, диплом, грамота, төш белгилер менен сыйланган.
Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү Көчкөн Мидин уулу 2018-жылы 20-майда узакка созулган оорудан улам көз жумган.
Белгилүү кыргыз жазуучулары Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаев (оңдо акыркы) Эркиндик бульварында эс алууда. Фрунзе 1940 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2015
Мукай Элебаев — өмүр баяны
Жаңылыктар түрмөгү
0