Ысык-Атада шектүүнү абактан качырууга көмөктөшкөн деп 2 милиционер кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилиция кызматын автоунаасы
Милиция кызматын автоунаасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Жазылуу
Буга чейин ИИМ шектүү нөөмөтчү-милиционерге бычак такап коркутуп качып кеткенин айткан болчу.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан кылмышка шектүүнү качырууга көмөктөшкөн деп эки милиционер кармалды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, ИИМ оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы киши 5-июнга караган түнү нөөмөтчүнүн мойнуна бычак такап, колуна кишен салып, оозуна чүпүрөк тыгып, ачкычын алып качып кеткенин билдирген. Мындан улам ага издөө жарыяланган.
Бул факт боюнча Ысык-Ата райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон.
"Милиционерлер кызмат абалынан пайдаланып өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган С.К.Т. аттуу жарандын белгисиз тарапка качып кетүүсүнө көмөктөшүшкөн. Тергөөнүн жүрүшүндө Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын нөөмөтчү-милиционери Ж.Т.К. жана милиционер Д.Б.К. шектүү катары кармалып, камакка алынды. Учурда тергөөнүн алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Качып кеткен киши Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адамды уурдоо"), 207-беренеси ("Каракчылык"), 169-беренеси ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу") жана 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-май күнү өткөн.
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2023
Чолпон-Атада президент кеп кылган депутат кармалды. Чоо-жайы
Жаңылыктар түрмөгү
0