6-июнга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкекте жамгыр учурда кол чатыр менен аял
Бишкекте жамгыр учурда кол чатыр менен аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Жазылуу
6-июнга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Шейшембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +30...+35, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +31...+36, Ысык-Көл жергесинде +22...+27, Нарын облусунда +20...+25 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +34...+36, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Тилек пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.06.2023
Чек ара кызматы "Ак-Тилекте" автоунаалар эмнеге узун кезекке турганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0