Россия мигранттардын каттоого турушун жөнөкөйлөштүрөт

© Sputnik / Алексей МайшевМосква шаарындагы курьер. Архив
Москва шаарындагы курьер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
ЕАЭБ мамлекеттеринин Россиядагы мигранттары өзүн-өзү иш менен камсыздоочу статусун толтуруу менен автоматтык түрдө каттоого турат.
Анастасия Гудкова
Май айынын аягында Москвада II Евразия экономикалык форуму өттү (ЕЭФ-2023). Иш-чаранын жүрүшүндө Евразия экономикалык комиссиясынын, Россиянын Федералдык салык кызматы жана Ички иштер министрлиги тарабынан пилоттук долбоор даярдалып жаткандыгы белгилүү болду. Ал долбоордо каралгандай, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн Россияга барган мигранттар “өзү-өзү иш менен камсыздоочу” деген статусту толтурары менен дароо автоматтык түрдө барган аймагында каттоого алынат.
Долбоор тууралуу кененирээк – Sputnik агенттигинин материалында.

Өзүн-өзү иш менен камсыздоочулардын каттоого турушу

2018-жылдан бери Россияда өз алдынча РФ жарандары гана эмес, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан) мигранттары да иштей алышат. Өткөн жылы мындай укук Украинанын жарандарына да берилген. Эксперимент 2028-жылдын аягына чейин жүргүзүлөт.
Учурда бул демилгенин алкагында ЕЭК, Россиянын ИИМи жана ФСК жогоруда аталган өлкөлөрдөн Россияга барган мигранттар “өзүн-өзү иш менен камсыздоочу” статусун толтурган учурда дароо РФтеги жүргөн аймагына автоматтык түрдө каттоого турууга мүмкүнчүлүк берген сынамык долбоорду даярдоодо. Бул тууралуу ЕЭФ-2023 иш-чарасынын жүрүшүндө Эмгек миграциясы жана Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова айтып берди.
© Sputnik / Нина ЗотинаЭмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова
Директор Департамента трудовой миграции и социальной защиты ЕЭК Алтынай Омурбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова
ЕЭКтен Sputnik агенттигине маалымдашкандай, бул жаңы эрежелер ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жашоочуларына гана тиешелүү.
"Бул долбоордун ыңгайлуулугу – мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүп жоопкерчиликке тартылып калуу коркунучтарысыз мыйзамдуу киреше табуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Россиянын аймагында жүрүүнүн мөөнөтүн узартуу", — деди Өмүрбекова.
"Труд" коомдук кыймылынын төрагасы Сергей Песков бүгүнкү күндө Россияда жүргөн мигранттардын чоң көйгөйү жашаган аймагында каттоого туруусу экендигин айтып, долбоордун актуалдуулугун белгиледи.
"Көзөмөл органдары массалык түрдө каттоо жайларын жоюп жатат, мындан улам мигранттарда олуттуу түйшүк жаралууда. Алар жашап жаткан аймакка каттоого турушу үчүн жаңы жолдорду табуу керек. Мигранттардын эреже бузууларынын басымдуу бөлүгү дал ушул жашаган аймагына каттоого турбагандыгы менен байланыштуу", — деп түшүндүрдү Песков.
Өмүрбекованын айтымында, учурда демилгени мындан ары ишке ашыруунун жол-жоболору иштелип жатат.
Бул материалды жарыялаган учурда ЕЭК, ИИМ жана ФСК Sputnik редакциясынын долбоордун башталуу мөөнөтү боюнча суроолоруна жооп беришкен жок.

Россияда мигрант кантип өзүн-өзү иш менен камсыздоочу боло алат?

Өзүн-өзү иш менен камсыздоочу – иш берүүчүсү, жетекчиси же жалдаган жумушчулары жок адам. Ал майда соода-сатык иштери менен алектениши мүмкүн же каалаганча калкка, ишканаларга кызмат көрсөтөт, ошол эле учурда тапкан кирешесинен салык төлөйт. Өзүн-өзү иш менен камсыздаган адам катары каттоого туруу РФ аймагында мыйзамдуу жүрүүнүн мөөнөтүн узартууга негиз болуп саналат.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Россияда жүргөн мигранттары “өзүн-өзү иш менен камсыздоочу” макамын алуусу үчүн анда салык төлөөчүнүн идентификациясы (ИНН) жана "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде" каттоосу болушу керек. "Мой налог" мобилдик тиркемесин жүктөп, ага жеке кабинетинин сыр сөз жана логининин жардамы менен катталат. ИИН жок болсо каалаган Салык инспекциясынын жарандар менен иштөө бөлүмүнөн беш иш күндүн ичинде алса болот, мигрант жанына паспорт жана арыз алып алганы жетиштүү. ИНН алгандан кийин ал жактан жеке кабинетинин пароль-логинин алса болот. ЕЭК маалыматына ылайык, бул процедуралардын бардыгы болгону 15 мүнөттүк убакытты алат.
Өзүн-өзү иш менен камсыздоочу катары каттоодон өтүүнүн дагы бир жолу – ыйгарым укуктуу банктарга кайрылуу. Анын тизмесине Россиядагы ири каржылык уюмдар (Сбербанк жана ВТБ сыяктуу) кирет, алардын толук тизмеси менен ФСКнын сайтынан таанышууга болот.

Өзүн-өзү иш менен камсыздоонун оң жана терс жактары

Сергей Песков Sputnik редакциясына өзүн-өзү иш менен камсыздоочунун кадимки эмгек мигрантынан кандай айырмасы болорун айтып берди.
© Фото / Общественное движение "Труд""Труд" коомдук кыймылынын төрагасы Сергей Песков
Председатель общественного движения Труд Сергей Песков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
"Труд" коомдук кыймылынын төрагасы Сергей Песков
"Адам эмгек келишимин түзгөн учурда ага эмгек мыйзамдары иштей баштайт, социалдык жана пенсия укуктары кепилденет жана корголот. Кирешесинин 13 пайызы бюджеттен сырткаркы фонддорго которула баштайт, адам бардык жеңилдиктерге: эмгек өргүүгө чыгуусу, дарылануусу, жумуштан бошотулса ишке орноштуруу каралат. Тактап айтканда, РФ Эмгек кодексинин нормалары иштейт. Өзүн-өзү иш менен камсыздоочулардын ишмердүүлүгү болсо Жарандык кодекстин алкагында жүргүзүлөт, ага ылайык, алар эч кандай эмгек, социалдык же пенсиялык кепилдиктерге ээ боло алышпайт", — деди эксперт.
Бирок өзүн-өзү иш менен камсыздоочулар үчүн артыкчылыктар бар.
"Бул адамдар кесиптик иш менен алектенет, киреше таап, мамлекетке салык төлөшөт. Жеке жак болсо кирешесинин төрт пайызын, юридикалык жактар менен жеке ишкерлер кирешесинин алты пайызын салыкка төлөйт. Башка милдеттүү төлөмдөр жок. Бирок жалпы кирешеси жылына 2,4 миллион рублден ашпашы шарт. Эмгек келишими менен ишке орношкондордун салык чени 13 пайыздан жогору", — деп түшүндүрдү Алтынай Өмүрбекова.
Сергей Песковдун айтымында, Россияда өзүн-өзү иш менен камсыздоочулардын саны өсүүдө. Анын себеби – жумуш издөөнүн оңойлотулгандыгы.
"Бүгүнкү күндө Россияда курьер, таксист болуп иштегендер негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келгендер. Албетте, аларды иш берүүчүлөр өзүн-өзү иш менен камсыздоочу катары каттатат, бул жерде эч кандай тыюу жок. Анткени жалдоочуга бул ыңгайлуу, ал өзүн-өзү иш менен камсыздоочу үчүн алты пайыз гана салык төлөйт", — деп белгиледи эксперт.
Москвадагы мигранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
Быйыл үч айда Россияга 173 миң кыргызстандык мигрант барган
Жаңылыктар түрмөгү
0