Өзгөндө ок-дары менен жардыргыч заттар сакталган жай табылды. Видео

© Sputnik / Антон ВергунОк-дары. Архив
Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
Жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ош облусундагы Өзгөн шаарынын четинде ок-дары жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 30-май күнү УКМК тарабынан республиканын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган жашыруун террористтик топторду аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада Ош облусундагы Өзгөн шаарынын четинде ок-дары жана жардыргыч заттарды сактоочу жай табылган.
"8 даана граната, 6 даана модернизацияланган бирдиктүү кол гранатасынын сактагычы, 114 даана 5,45 мм калибрлүү патрондор, 46 даана 7,62 мм калибрлүү патрондор, 1 даана 9 мм калибрлүү патрон, 1 даана 7,62 мм калибрлүү гильза табылды. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Жашыруун жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023
Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0