Бишкектен Балыкчыга 16-июндан тарта поезд жүрө баштайт

© Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"Темир жол воскалындагы поезд. Архив
Темир жол воскалындагы поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2023
Жазылуу
Поездде люкс вагондор дагы бар. Билеттерди алдын ала сатып алуу керек.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. 16-июндан тарта жүргүнчүлөрдү ташуучу "Бишкек-2 — Рыбачье" поезди жүрө баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.
Каттам 16-июндан тарта жума, ишемби, жекшемби күндөрү, 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө аткарыла баштайт.
"Поездде панорамалык терезелери, кондиционер, суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар. Ага билетти алдын ала 12-июндан тарта сатып алууга болот", — деп айтылат маалыматта.
Поезд Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 1А дарегинде жайгашкан "Бишкек-2" станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы шаарынын Озерная көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан "Рыбачье" станциясына саат 11:42де барат.
Ал эми "Рыбачье" станциясынан саат 17:48де жөнөгөн поезд "Бишкек-2" станциясына 21:50дө келет.
Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү дем алышсыз кайрылууга болот:
0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.
Экономист Улукман Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2023
Радио
Экономист Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун пайдасын тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0