Жумакматов атындагы симфониялык оркестр июлда Нарынга гастролго барат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМузыкант. Архив
Музыкант. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Жазылуу
Коллектив буга чейин Ош шаарына барып келген. Республика боюнча ар бир аймактын чыгармачыл жамааттары шаар, облус жана райондорго сапарга чыгуу саамалыгын улантат.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Асанкан Жумакматов атындагы мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри 6-8-июль күндөрү Нарын облусуна чыгармачылык гастроль менен барат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Анда белгиленгендей, оркестр концерттик программаны 6-июль күнү Жыргалбек Абдыкалыков атындагы Кочкор райондук маданият үйүндө, ал эми 8-июль күнү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрда тартуулашат.
Иш-чара СССРдин эл артисти Асанкан Жумакматовдун 100, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95, Кыргыз ССРинин эл артисти Карамолдо Орозовдун 140 жана Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына карата уюштурулууда.
"Учурда Маданият министрлигинин алдындагы бир катар маданий мекемелер чыгармачылык гастролдорун активдүү уюштурууда. Буга чейин Кыргыз улуттук филармониясынын эмгек жамааты 16-20-май күндөрү Ош шаарына чыгармачылык гастролго барып келген. Мындан ары республика боюнча ар бир аймактын чыгармачыл жамааттары шаар, облус жана райондорго сапарга чыгуу саамалыгын улантат. Мындай иш-аракеттер президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатын көздөйт", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Асанкан Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр 1969-жылы алгач 28 музыканттан турган камералык оркестр болуп түзүлгөн. Көп өтпөй Кыргыз ССРинин телерадиокомитетинин алдында Министрлер Советинин чечими менен курамы 46 музыканттан турган симфониялык оркестр уюшулган. Оркестр кыргыз обончуларынын, композиторлорунун ырларынан тартып көлөмдүү симфониялык чыгармаларга чейин аткарып келет.
Асанкан Жумакматов оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру болуп 2008-жылга чейин эмгектенген. 2008-жылдан тартып ага Кыргыз Республикасынын эл артисти Рахат Осмоналиев көркөм жетекчи болуп, дирижёрлук кылат.
СССРдин эл артисти, талантуу дирижер Асанкан Жумакматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2023
Театрдан айдалганда Бакуда иштеген. Маэстро Асанкан Жумакматовду эскерүү
Жаңылыктар түрмөгү
0