CASA 1000 долбоорунун курулуш иштери быйыл аяктайт. Маек

© Фото / пресс-служба НЭСК CASA 1000 долбоорунун курулуш иштери. Архив
CASA 1000 долбоорунун курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
Жазылуу
CASA 1000 долбоорунун курулуш иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Анын алкагында түштүктөгү бир катар айыл аймактарынын инфраструктурасы жакшырууда.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясында CASA-1000 долбоорунун келишимдер боюнча адиси Азим Молдокеримов, CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунунмониторинг жана баалоо боюнча адиси Майрамбек Таиров болду.
— Курулуш иштери тууралуу маалымат берсеңиздер?
Азим Молдокеримов: — 2021-жылы долбоорду куруу иштери башталган. Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн 500 киловольт жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын узундугу 456 чакырымды түзөт жана жалпысынан 1243 электр тирөөч курулат. Эң биринчи бул долбоор төрт мамлекет арасында Пакистанда түзүлгөн. Көптөгөн келишимдерге кол коюлуп, тендер процесси жүрүп Кыргызстандын ичинде эки келишимге кол коюлган. 2018-жылы Ислам өнүктүрүү банкы жүргүзгөн каржылык тендерди түркиялык "Миташ" компаниясы утуп алган. Кийин аталган компания Кыргызстандын электр тармагы менен эки келишимге кол коюп, CASA-1000 долбоорун курууга мүмкүнчүлүк алган.
© Sputnik / Асылбек БактыбековCASA-1000 долбоорунун келишимдер боюнча адиси Азим Молдокеримов
Специалист по сделкам проекта CASA-1000 Азим Молдокеримов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
CASA-1000 долбоорунун келишимдер боюнча адиси Азим Молдокеримов
Долбоор Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ишке ашырылат. Азыркы учурда Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен келишим боюнча зымдарды мамычаларга байлоонун 20 пайызы бүттү. Жалпы саны 346 болсо, анын 320сы толугу менен бүткөн. Учурда 26 мамычаны орнотуу иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад менен Оштун ортосундагы мамыча орнотуу ишинин 80 пайызы аяктады.
CASA-1000 долбоору эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.
Долбоордун алкагында электр тармактарындагы комплекстер модернизацияланып, жаңы көмөкчү чордондор жана жогорку чыңалуудагы электр линиялары курулат. Бул Кыргызстан менен Тажикстан үчүн жайкысын ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Афганстанга экспорттоо мүмкүнчүлүгүн берет.
— Долбоорго коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС - ред.) да активдүү катышып жатыптыр…
Майрамбек Таиров: — Ооба, АРИС тарабынан CASA-1000 долбооруна байланышкан эки долбоор иш жүзүнө ашырылып жатат. Алар “жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000” долбоору жана ага кошумча каржылоо долбоору. Эки долбоор тең кыргыз өкмөтү тарабынан жактырылып, Жогорку Кенеште ратификациялаган. Бул долбоорлор өлкөбүздүн түштүгүндөгү үч облусту толугу менен камтыйт. Тактап айтканда, 2,5 миллиондон ашык эл жашаган 186 айыл аймак (алардын курамында 900гө жакын айыл), беш шаар (11 калктуу конуш) менен иш алып барат.
Эки долбоор негизинен үч багытта иш алып барат. Биринчиси — электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртууга көмөктөшүү. Экинчиси — социалдык инфратүзүмдү жакшыртууну колдоо (мектептер, бала бакчалар, ички жолдор, ФАПтар, ирригация, атайын техникалар). Үчүнчүсү— экономикалык чакан долбоорлорду/бизнес пландарды каржылоо (айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, кол өнөрчүлүктү колдоо, бизнес жүргүзүүдө жаңы технологияларды пайдалануу). Электр энергиясы менен камсыз кылууну жакшыртуу багытында максаттуу 77 айылда электр мамычаларын, электр зымдарын, трансформаторлорду жаңылоо багытында иштер жүргүзүлүп жатат, ушул жылдын аягына чейин аягына чыгат. Бул максатта долбоордун алкагында 10 000 электр мамылалары, миң чакырымга жакын электр зымдары, 160тан ашык трансформаторлор РЭСтерге алып берилди.
© Sputnik / Асылбек БактыбековCASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун мониторинг жана баалоо боюнча адис Майрамбек Таиров
Специалист проекта мониторинга и оценки Майрамбек Таиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2023
CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорун мониторинг жана баалоо боюнча адис Майрамбек Таиров
— Долбоорду каржылоо бюджети бир миллиард доллардан ашканы айтылат. Анын 185 миллиону Кыргызстанга тиешелүү экен. Каржылоо маселеси кандай жүрүүдө?
А.М.: — Сиз айткан бир миллиарддан ашык акчанын көлөмү жалпы төрт мамлекетке каралган. Анын ичинде аба чубалгыларын, конвертердик көмөк чордондорун куруу кирет. Эки чоң подстанция негизинен Пакистан менен Тажикстанда жайгашат. Кыргызстандын ичиндеги каржылоо жалпысынан эл аралык инвестициялык үч уюмдан келген. Ислам өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар, Дүйнөлүк банктан 45 миллион доллар жана Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро бөлүнгөн. Учурдагы геосаясаттан улам дүйнөдө баалар өсүп жатат. Биздин долбоорго камтылган жабдуулардын баасы да кымбаттагандыктан азыр каржы жагына кошумча акча керек болуп жатат.
Арашан койлору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2023
Лизингге асыл тукум мал алуу жеңилдеди. Айыл чарба адисинин маеги
— Долбоордун канча пайызы бүттү жана болжол менен качан толук аяктайт?
А.М.: — Кыргызстанда иш абдан кызуу жүрүүдө. Быйыл куруу иши аякталып, план боюнча эмки жылдын жазына чейин жумушту кабыл алуу процесси башталат. Тажикстанда да иш жакшы жүрүп жатат. Аларда да аба чубалгыларынын 80 пайызы бүтүп, 20 пайызын кеч күзгө чейин бүткөнгө аракет жасаарын билдиришти. Төрт мамлекетте тең жумушчу топ түзүлүп, ортодо координация жүргүзүүчү катчылык иш алып барат. Алар үч айда бир жолугуп ишти талкуулашат.
— Аба чубалгыларын орнотууда калктуу конуштун жашоочуларынын коопсуздугу каралганбы?
А.М.: — Аба чубалгынын оң тарабынан жана сол тарабынан ары 30 метр аралыкты сактоо каралган. Белгиленген эрежелер сакталса, адамджын ден соолугуна коркунуч жаралбайт.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2023
Ысык-Көл облусуна саркынды суулар тутуму зарыл болуп турат. Акимдин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0