https://sputnik.kg/20230527/kyrgyzstan-koom-kyrgyzdardyn-zhajdagy-sejrek-arhiv-surottoru-1075693582.html
Бээ саап, токой аралап... Кыргыздардын жай мезгилиндеги турмушу сүрөттө
Бээ саап, токой аралап... Кыргыздардын жай мезгилиндеги турмушу сүрөттө
Sputnik Кыргызстан
Жайдын аптаптуу күндөрү жакындаган сайын мөңгүлөрдөн суу кенен түшүп, кокту-колоттордо гүлдөрдүн жыты буркурап, эл эс алууга камынат. Sputnik Кыргызстан... 27.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-27T17:20+0600
2023-05-27T17:20+0600
2023-05-27T17:20+0600
кыргызстан
коом
жаратылыш
туризм
архив
сүрөт түрмөк
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1b/1075694963_0:544:2673:2048_1920x0_80_0_0_47c0b168a61c63eebc5fb8e9cc973812.jpg
Жайда дыйкандар талаада кызуу иштеп, сугат, отоо, чөп чабык менен алектенсе, чабандар тоодо бээсин саап, алыскы конуштарга көчөт. Ал жактагы кошуналардын жазгы козулары чөптүн гүлүн терип отоп эттенип, шеринелер башталат. Ошол маалда өлкөнүн кооз жаратылышын, жапайы жаныбарларын көргүсү келгендер арбып Кыргызстанга агылат.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/1b/1075694963_0:43:2673:2048_1920x0_80_0_0_bf1de1558c5fdd30e4510674ec397c30.jpg Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, коом, жаратылыш, туризм, архив, сүрөт түрмөк, фото
кыргызстан, коом, жаратылыш, туризм, архив, сүрөт түрмөк, фото
Бээ саап, токой аралап... Кыргыздардын жай мезгилиндеги турмушу сүрөттө Жайдын аптаптуу күндөрү жакындаган сайын мөңгүлөрдөн суу кенен түшүп, кокту-колоттордо гүлдөрдүн жыты буркурап, эл эс алууга камынат. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздардын жай мезгилиндеги архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Жайда дыйкандар талаада кызуу иштеп, сугат, отоо, чөп чабык менен алектенсе, чабандар тоодо бээсин саап, алыскы конуштарга көчөт. Ал жактагы кошуналардын жазгы козулары чөптүн гүлүн терип отоп эттенип, шеринелер башталат. Ошол маалда өлкөнүн кооз жаратылышын, жапайы жаныбарларын көргүсү келгендер арбып Кыргызстанга агылат.
© Фото / Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАН Жаздоодон жайлоого көчкөн кыргыздар. 1937-жыл
Жаздоодон жайлоого көчкөн кыргыздар. 1937-жыл
© Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАН Жайлоодо жөө оодарыш ойногондор, 1928-жыл
Жайлоодо жөө оодарыш ойногондор, 1928-жыл
© Фото / Музей антропологии и этнографии им. Петра Великого (Кунсткамера) РАН Фрунзе шаарындагы базарда кымыз саткан жылкычылардын аялдары. 1936-жыл
Фрунзе шаарындагы базарда кымыз саткан жылкычылардын аялдары. 1936-жыл
© Sputnik / Виктор Чернов Жылкычы Асеин Мамбетов үй-бүлөсү менен жайлоодо кымыз ичип отурат. 1978-жыл
Жылкычы Асеин Мамбетов үй-бүлөсү менен жайлоодо кымыз ичип отурат. 1978-жыл
© Sputnik / Иосиф Будневич Ээн талаада күч сынашкан балбандарга көз салган чабандар. 1959-жыл
Ээн талаада күч сынашкан балбандарга көз салган чабандар. 1959-жыл
© Sputnik / Давид Шоломович Ысык-Көлдөгү "Чолпон-Ата" санаторийинде эс алган окуучулар. 1956-жыл
Ысык-Көлдөгү "Чолпон-Ата" санаторийинде эс алган окуучулар. 1956-жыл
© Sputnik / Э.Мамадалиев Алыскы жайлоодогу чабандарды жана алардын балдарын медициналык кароодон өткөргөнү келген дарыгерлер. Нарын облусу, 1987-жыл
Алыскы жайлоодогу чабандарды жана алардын балдарын медициналык кароодон өткөргөнү келген дарыгерлер. Нарын облусу, 1987-жыл
© Sputnik / Виктор Чернов Дачадагы алма бакта чөп чапкан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары Санжар, Аскар менен. 1977-жыл
Дачадагы алма бакта чөп чапкан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары Санжар, Аскар менен. 1977-жыл
© Sputnik / А. Карзанов Бош убактысында китеп окуп эшегин откозгон карыя. Жалал-Абад облусу, 1976-жыл
Бош убактысында китеп окуп эшегин откозгон карыя. Жалал-Абад облусу, 1976-жыл
© Sputnik / Дмитрий Бальтерманц Көл жээгинде аттары сууга түшкөн өспүрүмдөр. 1980-жыл
Көл жээгинде аттары сууга түшкөн өспүрүмдөр. 1980-жыл
© Sputnik / Чернов Кымыз даярдоо. Чарбалык иштерин сүйлөшүп бээ сааган жылкычынын жубайы
Кымыз даярдоо. Чарбалык иштерин сүйлөшүп бээ сааган жылкычынын жубайы
© Sputnik / С. Лидов Токтогул ГЭСинин курулушуна кол кабыш кылып келген студенттер жайында Сары-Челек көлүндө эс алып жүргөн учур
Токтогул ГЭСинин курулушуна кол кабыш кылып келген студенттер жайында Сары-Челек көлүндө эс алып жүргөн учур
© Sputnik / Мамадалиев Тоо койнунда көпөлөк кубалаган Педагогикалык институттун биология факультетинин мугалимдери менен студенттери. 1981-жыл
Тоо койнунда көпөлөк кубалаган Педагогикалык институттун биология факультетинин мугалимдери менен студенттери. 1981-жыл
© Sputnik / Миранский Сууда кайык менен жарышкан спортчулар. 1975-жыл
Сууда кайык менен жарышкан спортчулар. 1975-жыл
© Sputnik / В. Коротаев Жырткыч жаныбарларга бүркүт салып аңчылык кылган мергенчилер
Жырткыч жаныбарларга бүркүт салып аңчылык кылган мергенчилер
© Sputnik / Чернов Борбор калаадагы "Кыргызстан" мейманканасынын алдындагы фонтандагы сууга түшкөн окуучулар
Борбор калаадагы "Кыргызстан" мейманканасынын алдындагы фонтандагы сууга түшкөн окуучулар
© Sputnik / В.Полунин Жети-Өгүз капчыгайына чер жазганы бара жаткан эс алуучулар
Жети-Өгүз капчыгайына чер жазганы бара жаткан эс алуучулар
© Sputnik / Дмитрий Шпаро Тянь-Шань тоо кыркаларына машыгууга чыккан альпинисттер эс алып отурат. Алардын арасында советтик, канадалык спортчулар бар. 1986-жыл
Тянь-Шань тоо кыркаларына машыгууга чыккан альпинисттер эс алып отурат. Алардын арасында советтик, канадалык спортчулар бар. 1986-жыл
© Sputnik / Мамадалиев Жайында дайыма кымызы даяр, дасторкону жайык чабандарга тоого концерт коюп барган маданият кызматкерлери
Жайында дайыма кымызы даяр, дасторкону жайык чабандарга тоого концерт коюп барган маданият кызматкерлери
© Sputnik / Э. Вильчинский Тоо аралаган кичинекей пионерлер. Союз маалында алар үчүн атайын лагерлер уюштурулган
Тоо аралаган кичинекей пионерлер. Союз маалында алар үчүн атайын лагерлер уюштурулган
© Sputnik / Э. Вильчинский Төлдөгөн малына, чоңойгон козуларына кубанган Ленин колхозунун малчысы Абдыкадыр Баялиев. 1970-жыл
Төлдөгөн малына, чоңойгон козуларына кубанган Ленин колхозунун малчысы Абдыкадыр Баялиев. 1970-жыл
© Sputnik / В. Чистяков Алай районунда альпинисттер үчүн даярдалган чатыр шаарча. 1974-жыл
Алай районунда альпинисттер үчүн даярдалган чатыр шаарча. 1974-жыл