25-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2023
Жазылуу
25-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, Ысык-Көлдө +11...+16, ал эми Нарында +12...+17 градус болот.
Бул күнү Ошто түнкүсүн жамгыр жаап, Бишкекте күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +21...+23, Ошто +25...+27 градуска жетет.
Аялдамада отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0