00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
6 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ПМЭФ для Кыргызстана: 14 соглашений и новые рынки от Африки до Латинской Америки
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Министрликке жарандардан ЖМКлар боюнча 22 арыз түшкөн, арасында депутат да бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовКомпьютерде иштеп жаткан аял. Архив
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.05.2023
Жазылуу
Аткаминердин айтымында, арыздын негизинде үч интернет-сайтты эки айга токтотуу чечими кабыл алынган.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Анык эмес маалымат чыгарган деген доомат менен сайттардын үстүнөн 22 арыз түштү. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ЖКнын Социалдык саясат комитетинде билдирди.
Анын айтымында, министрлик былтыртан бери 22 арызды карап чыккан. Анын ичинен үч интернет-сайт эки айга жабылган, бирөө арыз ээси тарабынан кайтарып алынган. Жетөө кароосуз калтырылды, анткени даттануусу социалдык тармактарга багытталган. Дагы жети кайрылуу келтирген жүйөөсү толук эместигине байланыштуу каралган эмес. Маалыматтык сегиз сайт өздөрү кемчилигин мойнуна алып ыктыярдуу түрдө өчүргөн. Ал эми ЖМКнын чыгарган материалы туура болуп, даттануу негизсиз деп табылган бир учур катталган. Бир эле адам эки-үч макала боюнча арыз жазган учурлар да бар.
Ал эми депутат Чыңгыз Айдарбеков "саясатчылар ЖМКлардын үстүнөн көп арызданабы?" деп сурады.
"Арыздар көбүнчө ишкерлерден түшөт. Буга чейин депутат Эрулан Көкүловдон дагы арыз келген, бирок аны артка кайтарганбыз. "Республика" сайтын соттун чечиминин негизинде жаптык, 24.kg агенттиги боюнча өлкө аймагында иштеген ишкер кайрылган, ошонун алкагында чара көрүлгөн. Ал эми "Азаттыкка" мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн министрлик өзүбүз арыз бергенбиз. Бизде эч кандай тандоо, кайсы бир ЖМКга жан тартуу же жаман көрүү деген жок. Мыйзамдар менен жашайбыз, кайрылууларды Башкы прокуратура текшерип турат", — деди Эсенгул уулу.
Судьянын балкасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Сот "Азаттыкты" жабуу чечимин чыгарды
Жаңылыктар түрмөгү
0