Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Зеленскийдин көздөгөнү — Россиясыз дүйнө. Ой толгоо

© AP Photo / Michal DyjukУкраина президенти Владимир Зеленский
Украина президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.05.2023
Жазылуу
Кыштан бери жар салынып келе жаткан Украина Куралдуу күчтөрүнүн "контрчабуулу" күтүүсүз жерден башкача нук алды. Зеленский күтүүсүздөн "Чоң жетиликтеги" кожоюндарынан тынч саммит өткөрүп, анын "тынчтык планын" талкуулоону өтүндү.
G7 жолугушуусу кечээ Хиросимада башталды. "Чоң жетиликтин" лидерлери кандай гана чечим чыгарып, кандай токтом токубасын, Москванын аракеттерине түк таасир этпестигин белгилейт Виктория Никифорова. Серепчинин кезектеги ой толгоосу да РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Мындай кырдаалда Батыштын белдүү саясатылары саммиттерге чогулуп, Россиянын айласын кантип табуу керектигин талкуулап, кандайдыр чечимдерди чыгарат. Бирок аларга кулак салган киши жок. Чындыгында Зеленскийдин билдирүүсү да — анын көмөк сурап жалбарышы. Анын "кызык бир согушу", Украинанын шайын биротоло оодарып бүттү окшойт. Качандыр бир СССР курамындагы эң бай республиканын экономикасы эсил кайран болду. Анын ордуна болочок муунга мурастап карыз калтырууда. Экономика эмне болуп калыптыр! Мамлекеттин эң негизги ресурсу – жарандарынын катары кемип барат. Эмгекке жарамдуу украиналыктардын 5,5 миллион чактысы чет өлкөгө чыгып кетти.
Украина дал бүгүн баштан кечирип жаткан көрүнүш – Америка менен достуктун классикалык мисалы. Аны менен душмандашуу, албетте, жагымсыз, бирок достошуу өлүмгө кептейт. Муну америкалыктар бүт дүйнөгө соңку отуз жылда ачык далилдеп келет. Югославияга демократияны алып барды, өлкө дүйнө картасынан жок болду.
Ирак, Ливия, Афганстанга алпарды, аталган мамлекеттерди катуу алаамат каптады.
The Washington Post газетасы жакында эле 11-сентябрдан кийин америкалыктар аяк баскан жерлерде "кыйыр өлүмдөр" 4,5 миллиондон ашканын эсептеп чыкты. Алар катардагы жай тургундар болгон. Аларга ондогон миллион качкындарды, талкаланган өндүрүштөрдү, кыйраган экономикаларды кошуңуз, бул АКШнын тышкы саясатынын нагыз натыйжасы. Мамлекеттерди жер менен жексен кылып, миллиондогон адамды ажалга айдап, америкалыктар кыйрап бараткан империясынын турмушун гана оңдоп келе жаткан. Украинаны да алар Афганстанга айлантып бүтүштү.
Натыйжада Украина урандылар алдында, ал эми "айтылуу" топ-менеджери кожоюндарынан тыныгуу сурап отурат. Контрчабуулдун мөөнөтүн жылдыруу, тынчтык планы, тынч саммит жөнүндөгү өтүнүчү да ошол эле "операсынан". Анткен менен америкалык кожоюндары Зеленскийди жөн кое бербейт. Украинаны дагы пайдаланууга болот, анан да Европадагы максаттарынын баары жүзөгө аша элек.
Вашингтондун ошол максаттарын 2015-жылы, Киевдеги төңкөрүштөн кийин эле саясат таануучу, айтылуу Stratfor аналитикалык борборунун негиздөөчүсү Жорж Фридман айтып чыккан. Өз үстөмдүгүн сактап калуу үчүн америкалыктар тезинен Германия менен Россиядан кол үзгөнү оң экенин белгилеген. Акыры ал деле орундалды. Адегенде Украинада жаңжал оту тутанды, кийин "Түндүк агымдар" жардырылып, киевдик режимди курал менен жабдуу үчүн Германияга шантаж жасалды. Эми Фридмандын планы боюнча, америкалыктар Германия менен Россиянын ортосунда буфердик зона курууга тийиш.
Фридмандын айтымында, Европа согушууга аргасыз. Азырынча анын өлкөлөрү мобилизациядан буйтай алганы менен Европа биримдигинин Польша башында турган жаңы мүчөлөрүн Чыгыш фронтто күтүп жатышат. Демек, Европанын чыгышы да Украинанын тагдырына кабылары ажеп эмес.
АКШнын керектөөчүлүк рыногу эң бай болуп турган кезде америкалыктар өз желдеттерине гана эшик ачкан. Ошондон улам согуштан кийинки Япония, Түштүк Корея, ФРГ жерден тез эле боор көтөргөн. Бирок азыр Кошмо Штаттардын экономикасынын абалы начар, Маршаллдын бардык пландары унутта калды. Бүгүн америкалыктар өз союздаштарын, досторун согуштан алсыраган, бөлүп-жарылган "Украиналарга" айлантууда. G7 саммити да Хиросимада өтүп жатканы жөн жерден эместир. Бул – Вашингтондон эмне күтүүгө болорун бардык мамлекеттерге жакшы эскертүүдүр...
Авдеевкага жакын жерде украиналык жоокер гранатомет менен аткан учурда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вашингтон каарына келди: Украина контрчабуулду үзгүлтүккө учуратууда
Жаңылыктар түрмөгү
0