Кийинки жумада Боом капчыгайында 5 күн бою таш кулатылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайында бараткан автоунаа. Архив
Боом капчыгайында бараткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Жазылуу
Автоунаа каттамдарын алдын ала пландап алуу эскертилди.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кийинки жуманын 22-25-май күндөрү (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Боом капчыгайында кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Бул күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 131-чакырымында коркунуч жараткан таштар атайылап түшүрүлөт. Мындай жумуш күндүз саат 9:00дөн 15:00гө чейин болуп, транспорт бир тилке менен гана өтүп турары айтылды.
Иш-чара Бишкек — Нарын — Торугарт жол тилкесинде автоунаа жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө. Андыктан автоунаа каттамдарын алдын ала пландап алуу эскертилди.
Төө-Ашуу тоннели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2023
Төө-Ашуу тоннелиндеги каттам убактылуу чектелди. График
Жаңылыктар түрмөгү
0