18-майга карата аба ырайы

© AFP / SVEN HOPPEЖамгырдан кийин өсүмдүктөрдөгү суу тамчылары. Архив
Жамгырдан кийин өсүмдүктөрдөгү суу тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2023
Жазылуу
18-майга караган түнү Ысык-Көл менен Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоӊголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бейшембиде көпчүлүк аймактарда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаап, күн күркүрөп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +18... +23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20... +25, Ысык-Көлдө +17... +22, ал эми Нарында +19... +24 градус болот.
Бул күнү Бишкек, Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +20...+22, Ошто +23...+25 градуска жетет.
Аялдамада отурган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Мээ кайнаткан ысык болобу? Июнь айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0