Саясат таануучу: АКШ Борбор Азия менен коркутуп-үркүткөн ыкмада сүйлөшө баштады

© AP Photo / Mark LennihanНью-Йорктогу Эркиндик статуясы. Архив
Нью-Йорктогу Эркиндик статуясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Жазылуу
Эксперттердин пикирине таянсак, Америка Кошмо Штаттары менен Евробиримдик Борбор Азияны "азыркы заманбап дүйнөнүн жунглиси" деп эсептеп келишет.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен талап койгон, коркуткан, кекеткен ыкмада сүйлөшө баштады. Бул туурасында Тажикстандын Улуттук академиясынын Философия жана саясат таануу институтунун директорунун орун басары Рустам Хайдаров "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун Томск шаарында өтүп жаткан "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференцияда сүйлөп жатканда айтты.
Анын пикирине караганда, 2022-жылы Россиянын атайын операциясы башталып, бир полярдуу дүйнө тарагандан кийин Борбор Азиянын (БА) дүйнөлүк саясат менен экономикада мааниси бир нече эсе өстү.
Европадагы аскердик чыр-чатак жамааттык Батыштын Россияга карата прокси-согушуна айланды.
"Батыш Борбор Азияны Россия менен болгон конфрантацияга аралаштырып жана мамлекеттерди касташкан тараптын бирин тандоого мажбурлап жатат. АКШ Борбор Азия республикалары менен коркутуп-үркүтүү жана ультиматум коюу ыкмасы менен сүйлөшө баштады. Америкалык эмиссарлар апрелде аймакты эскертүүлөр толгон пакет менен кыдырып чыкты", — деген Хайдаров.
Ал Батыштын башкарып жаткан элиталары дүйнөлүк экономика менен саясатта үстөмдүк кылып турган позициясынын жоголуп бара жаткандыгын мойнуна алгысы келбестигин белгиледи.
"Андыктан дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ызы-чуулардын чыгып турушуна аракет кылышат. Азыр жамааттык Батыштын бутасында Түштүк Кавказ менен Борбор Азия турат. Жогоруда айтылгандарды эске алсак, биз жана союздаштарыбыз Кытай менен Россия окуянын аскердик-саясий ар кыл сценарийде өнүгүшүнө даяр болушубуз керек. АКШ менен Евробиримдик Борбордук Азияга карата үстүртөн караган мамилесин өзгөрткөн жок, биздин аймакты заманбап дүйнөнүн жунглиси деп эсептешет", — деген эксперт.
Хайдаровдун айткандары:
дүйнөдөгү Түштүк жана Чыгыш заманбап процесстерге америкалык борборлоштурулган позициядан туруп баа берүүдөн тажап бүттү;
АКШ менен анын союздаштарына Борбор Азия Россияга, Кытайга каршы туруудагы плацдарм үчүн керек. Жамааттык Батыш аймакты санкция тирешиндеги потенциалдуу өнөктөш жана Россияга каршы ачыла турган "экинчи фронт" катары кароодо;
Борбор Азиянын эли регионду Америка жамааттык Батыштын геосаясий, геоэкономикалык жана геомаданий кызыкчылыктары үчүн колдонуусун каалабайт;
Борбор Азиянын өлкөлөрү алардын экономикалык өнүгүшүнө өбөлгө болгон мамлекеттер менен мамилесин бекемдемекчи.
Саясат таануучу Россияга узакка созулган согуштук санкциялардын кээрин азайтуу үчүн өз ара кызматташууда "БРИКС + Борбордук Азия" жаңы форматын түзүүнү сунуштады.
Эл аралык изилдөөлөр ассоциациясынын өкүлү, экономика илимдеринин кандидаты Станислав Ткаченко. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2023
Эксперт: Батыш сунуштаган транспорт долбоорлорунан Борбор Азия абайлашы керек
Жаңылыктар түрмөгү
0