1-июндан тарта айрым калкты тейлөө бөлүмдөрү 20:00гө чейин иштейт. Тизме

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКалкты тейлөө борбору. Архив
Калкты тейлөө борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2023
Жазылуу
Департаменттин башка аймактар аралык бөлүмдөрү жайкы иш графигине этап-этабы менен өтөт.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. 1-июндан тарта Калкты тейлөө департаментинин аймактар аралык бөлүмдөрү узартылган иш графигине өтүшөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Азырынча кеп пилоттук жети бөлүм тууралуу болуп жатат. Алар:
Бишкек шаарындагы №2 калкты тейлөө бөлүмү;
Каракол шаарындагы калкты тейлөө бөлүмү;
Ош шаарындагы калкты тейлөө бөлүмү;
Баткен шаарындагы калкты тейлөө бөлүмү;
Шопоков шаарындагы калкты тейлөө бөлүмү;
Кочкор айылындагы калкты тейлөө бөлүмү (Нарын облусу);
Сузак айылындагы калкты тейлөө бөлүмү (Жалал-Абад облусу).
Аталган бөлүмдөр 08:00дөн 20:00гө чейин түштөнүүсүз тынымсыз иштейт. Буга чейин 09:00дөн 18:00гө чейин түштөнүү үчүн тыныгуу менен иштеп келген. Департаменттин башка аймактар аралык бөлүмдөрү жайкы иш графигине этап-этабы менен өтөт.
Кыргызстанда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.02.2023
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү эми үйгө жеткирип бере алышат. Шарт-жагдайы
Жаңылыктар түрмөгү
0