Пайдаланылбаган автоунаа үчүн салык төлөбөсө болот. Жол-жобосу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2023
Жазылуу
Салыкчылар автокөлүгүн колдонбогон адамдар көп деп эсептешет.
БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандыктар айдалбай турган автоунаа үчүн салык төлөбөш үчүн аны каттоодон алдырып салса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Эрежеге ылайык, салыкты транспортко ээлик кылганын тастыктаган документи бар жак төлөшү шарт. Анткен менен автоунаа катталган адам кайсы бир себептерден улам дээрлик анын ээси болбой же пайдаланбай жүргөн учурлар арбын кездешет. Мисалы, ээси машинаны ишеним кат менен сатып жиберген болушу мүмкүн, ошондой эле жол кырсыгынан кийин же эскилиги жетип пайдаланууга жарабай калышы ыктымал.
"Жарандар транспорт каражатынын мамлекеттик каттоосун токтотуп коюуга укуктуу. Бул үчүн "Унаа" мамлекеттик мекемесине арыз менен кайрылып, паспортуңузду көрсөтүшүңүз керек. Сизге мөөнөтү көрсөтүлүп, каттоо убактылуу токтотулганы тууралуу маалым кат берилет. Каттоо убактылуу токтотулган күндөн тарта үч жыл өткөндөн кийин маалымат базага киргизилет", — дешти Салык кызматынан.
Мекеме ишеним кат менен автоунаа сатып алгандар машинаны каттоого тургузуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылышы керектигин кошумчалады.
Автоунаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2023
Кыргызстанда автоунааны алгачкы каттоо жыйымы кымбаттады
Жаңылыктар түрмөгү
0