Кыргызстан боюнча бир жумага карата аба ырайынын божомолу

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөсүндө кол чатыр кармаган адамдар. Архив
Бишкектин көчөсүндө кол чатыр кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2023
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, келерки апта өлкө боюнча жамгырлуу болот.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызгидромет 20-майга чейин өлкөдө кандай абаырайы болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында апта башында айрым жерлерде өткүн өтүп, 19-20-майда мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал.

Чүй жана Талас облустары

Апта бою, 17-майдан башка күндөрү өткүн өтүп, тоолуу аймактарга картүшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-16-17-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу

Синоптиктердин айтымында, региондо 14-май күнү айрым жерлерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми 15-майда күн ачык болот. Аптанын ортосунда Ош шаарында абанын температурасы32 градуска чейин көтөрүлөт.

Жалал-Абад, Баткен аймактары

Аталган эки региондо дагы келерки апта жаан-чачындуу болору күтүлүүдө. Эки облуста тең 17-майда гана күн ачык болуп, калган күндөрү өткүн өтүп турат. Абанын температурасы айрым жерлерде 30-31 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

Аймактарда 20-майга чейин аба ырайы жаан-чачындуу болот. 17 жана 18-май түнү гана жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 16-17-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Агайда Айгүлдү ойногон Мыскал: Абдылда Иманкуловго, Айгүл Жапаровага окшоштурушат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2023
"Агайда" Айгүлдү ойногон Мыскал: Абдылда Иманкуловго, Айгүл Жапаровага окшоштурушат
Жаңылыктар түрмөгү
0