Күн ысыйбы? Алдыдагы аптага карата Кыргызстандагы аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан кыздар. Архив
Көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2023
Жазылуу
Синоптиктердин божомолу боюнча, келе жаткан жума жаанчыл болбойт.
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызгидромет бул жумада Кыргызстанда аба ырайы кандай болору тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада бейшембиге чейин күн ачык турат. Жума жана ишемби күндөрү жамгыр жаашы болжолдонууда.

Чүй облусу

Сары-Өзөндө 11-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. 12-майда көпчүлүк аймактарда, 13-майда айрым жерлерде жамгыр жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Бейшембиде күндүн табы 32 градуска чейин ысыйт.

Талас облусу

7-9-май күндөрү ачык болуп, жамгыр жаабайт. 12-майда көпчүлүк аймактарда, ал эми 13-майда айрым жерлерде жаан жаашы ыктымал.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-майда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Жума ичинде күн 30 градуска дейре жылыйт.

Ош жана Жалал-Абад облусу

7-майда көпчүлүк аймактарда, 8-майда айрым жерлерде өткүн өтөт. Ал эми 9-майда күн ачылып, 11-майга чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал.
12-майда көпчүлүк аймактарда, 13-майда айрым жерлерде жаан жаай турганы болжолдонууда.
Абанын температурасы 32 градуска чейин көтөрүлөт.

Баткен облусу

7-майда көпчүлүк аймактарда, 8-майда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
9-11-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Ал эми 12-майда кайра күндүн көзү бузулуп көпчүлүк аймактарда, 13-майда айрым жерлерде жамгыр жаайт.
12-майда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл облусу

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 11-майга чейин күндүн көзү бузулбайт, 12-13-майда айрым жерлерде жамгыр жаай турганы айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Апта ичинде абанын температурасы 23 градуска чейин жогорулайт.

Нарын облусу

Теңир-Тоодо 11-майга чейин күн ачык болот. Ал эми 12-13-майда айрым жерлерде жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Апта ичиндеги абанын эң жогорку температурасы 23 градуска жетет.
Бишкектин Эркиндик бульварында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Күн катуу ысыйбы? Май айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0