Кийинки жумада Ысык-Көлдө аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин маалыматы

© Sputnik / Акылбек БатырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
Апта ичинде абанын температурасы 23 градуска чейин жогорулайт.
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызгидромет кийинки аптада Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу божомолун таратты.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, 11-майга чейин күндүн көзү бузулбайт. 12-13-майда айрым жерлерде жамгыр жаай турганы айтылды.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-майда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Апта ичинде абанын температурасы Көл кылаасында 23 градуска чейин жогорулайт.
Кызыл-Кыяга жол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Ысык-Көлдөгү каралбай калган Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот
Жаңылыктар түрмөгү
0