Ысык-Көлдөгү каралбай калган Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот

© Sputnik / Эмиль СадыровКызыл-Кыяга жол. Архивдик сүрөт
Кызыл-Кыяга жол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2023
Жазылуу
Жолдун узундугу 15 чакырымды түзөт.
БИШКЕК, 6-май – Sputnik. Быйыл Ысык-Көлдөгү Кызыл-Кыя ашуусунун жолу оңдолот. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, мындай тапшырманы министр Тилек Текебаев Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында берген.
"Азыркы тапта ашууда кар жатат. Күн жылып, кар кетери менен жолду оңдоп-түзөө иштери башталат. Кызыл-Кыя ашуусунун жолу – 15 чакырымды түзгөн шагыл жол. Дээрлик 20 жылдан бери карала элек бул тилке быйыл министрдин тапшырмасынын негизинде оңдоп-түзөлөт", - деп айтылат маалыматта.
Быйыл планга кирген жолдордун өз убагында бүткөрүлүшү министрдин жеке көзөмөлүндө болору белгиленди.
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Транспорт министри Баткенде жол курууда кымырылган 40,8 млн. сом боюнча үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0