Химия боюнча эл аралык Менделеев олимпиадасынын алгачкы жыйынтыгы чыгарылды

© Фото / РИА НовостиВидеомост Москва — Астана по вопросам подготовки и проведения олимпиады ММО-57
Видеомост Москва — Астана  по вопросам подготовки и проведения олимпиады ММО-57 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Жазылуу
Быйыл эл аралык Менделеев олимпиадасына 22 өлкөнүн улуттук курама топтору катышты.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Эл аралык Менделеев олимпиадасы быйыл Астана калаасында (Казакстан Республикасы) 1-6-май аралыгында 57-ирет өткөрүлүп жатат. Анын уюштуруучулары жана катышуучулары "Россия сегодня" медиатобунун басма сөз борборунда бейшемби күнү өткөн видеокөпүрөдө олимпиадага даярдыкты, өткөрүү маселелерин талкуулап, алгачкы жыйынтыктарын чыгарышты.
Видеокөпүрөнү ачып жатып Россия Илимдер академиясынын вице-президенти, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин химия факультетинин илимий жетекчиси, химия боюнча мектеп окуучуларынын эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы Степан Калмыков Астанадагы бул иш-чара жогорку деңгээлде өтүп жатканын айтты. Ошону менен бирге эле илимди коомго кеңири жайылтуу үчүн анын маанисин баса белгиледи.
© Фото / РИА НовостиРоссия Илимдер академиясынын вице-президенти, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин химия факультетинин илимий жетекчиси, химия боюнча мектеп окуучуларынын эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы Степан Калмыков
Вице-президент РАН, научный руководитель химического факультета МГУ Степан Калмыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Россия Илимдер академиясынын вице-президенти, М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин химия факультетинин илимий жетекчиси, химия боюнча мектеп окуучуларынын эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы Степан Калмыков
"Олимпиада жана анын тегерегиндеги ар бир нерсе адамдарга химия кызыктуу жана маанилүү экенин көрсөтүүгө көмөкчү болот. Химия — биздин келечек, өлкөнүн технологиялык өнүгүшү ага байланыштуу. Олимпиада дагы эмнеси менен белгилүү? Көпчүлүк эл спорт менен алектенет, химия боюнча олимпиада да — ошол эле, бирок интеллектуалдык спорт. Ар кыл мамлекеттен окуучулар билими менен күч сынашат. Бул – аларга, алардын досторуна химия жана башка так жана техникалык илимдерге кызыгуусуна өбөлгө. Ошондуктан биздин олимпиада чоң мааниге ээ", — деди ал.
Эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы РФ Илим жана жогорку билим министрлиги Россиядан гана эмес, бөлөк өлкөлөрдөн келип жеңгендер үчүн да россиялык окуу жайларга тапшырууда жеңилдик берүү маселесин карап чыгарына үмүт артарын кошумчалады.
Андрей Мельниченко фондунун аткаруучу директору, Эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин тең төрагасы Александр Чередник да олимпиада катышуучулар үчүн жолдуу болорун белгиледи.
© Фото / РИА НовостиАндрей Мельниченко фондунун аткаруучу директору, Эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин тең төрагасы Александр Чередник
Исполнительный директор Фонда Андрея Мельниченко Александр Чередник - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Андрей Мельниченко фондунун аткаруучу директору, Эл аралык Менделеев олимпиадасынын уюштуруу комитетинин тең төрагасы Александр Чередник
"6-7-класстардан баштап окуучулар таймашта жогорку жыйынтыктарга жетүүгө аракет кылышат. Эгер өз эмгеги, дарамети аркылуу ийгиликке жете алышса, билим алуу баскычында да, кесиптик ишмердикте да алар келечекте, карьера курууда өзгөчө жеңилдиктерди алышат. Алар окумуштуу, инженер же бизнесмендин жолун тандайбы, кеп ошондо. Жеңүүчүлөр үчүн белгилүү бир жеңилдиктерди берүү маселеси улуттук мамлекеттердин алкагында чечилгени оң", — деген оюн ортого салды Чередник.
Казакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин орто билим комитетинин төрагасынын орун басары Зауре Байменова эл аралык олимпиадаларды өткөрүү боюнча тажрыйбасы туурасында айтып берди.
© Фото / РИА НовостиКазакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин орто билим комитетинин төрагасынын орун басары Зауре Байменова
Заместитель председателя комитета среднего образования Министерства просвещения РК Зауре Байменова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Казакстан Республикасынын Агартуу министрлигинин орто билим комитетинин төрагасынын орун басары Зауре Байменова
"Биз кесиптештер менен биргеликте олимпиадаларды офлайн-режимге кайтаруу керек деген ойдобуз, анткени бул – интеллектуалдык мелдеш гана эмес, таанышуу, баарлашуу, тажрыйба алмашуу аянтчасы. Мындай иш-чараларга катышуу менен балдар ар кандай өлкөлөрдөн дос күтөт. Ошол себептен программаны түзүүдө жашоо, тамактануу, баарлашуу үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды, ошондой эле абдан жык маданий программаны кошууга тырыштык", — деп белгиледи ал.
56-Эл аралык Менделеев олимпиадасынын абсолюттук жеңүүчүсү, академик В. В. Лунин атындагы сыйлыктын ээси Игнатий Тарабрин видеокөпүрөнүн катышуучулары менен мелдешке камынууда калыптанган көндүмдөрү жөнүндө айтып, Менделеев олимпиадасына катышуу тажрыйбасынан бөлүштү.
© Фото / РИА НовостиЭл аралык Менделеев олимпиадасынын жеңүүчүсү, академик В. В. Лунин атындагы сыйлыктын ээси Игнатий Тарабрин
Абсолютный победитель ММО-56 Игнатий Тарабрин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Эл аралык Менделеев олимпиадасынын жеңүүчүсү, академик В. В. Лунин атындагы сыйлыктын ээси Игнатий Тарабрин
"Олимпиадаларга даярданган үч жыл аралыгында алган билим мага алигече жардам берет. Ал эми ошол билимди алуу үчүн да окууга үйрөнүп, өз алдынча жаңы билим алуу да, анан жеңүү керек. Даярданууда калыптанган көндүмдөр мага азыр да – Москва мамлекеттик университетинин химия факультетиндеги окуума да көмөк болууда. Олимпиаданын өзү боюнча айтсам, Өзбекстанга болгон сапар аябай кызык жана эсте каларлык өткөн. Бул иш-чарага катышуу командадагы балдардын башын бириктирип, ынак досторго айланткан. Айрымдары менен азыр бир группада окуйбуз", — деди былтыркы жеңүүчү.
Россиянын быйылкы курама командасынын катышуучусу Дарья Азарова мелдештен алган таасирлеринен бөлүшүп, иш-чаранын жогорку деңгээлдеги даярдыгы үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
"Калыстар тобунун мүчөлөрүнө да өзүнчө ыраазычылык билдиргим келет. Теориялык айлампадагы кыйла татаал тапшырмалар берилди. Бул олимпиаданын деңгээлинен кабар берет, бирок аларды аткаруу абдан кызык болду. Таймаштагы атмосфера абдан жагымдуу, бул бизге абдан чоң дем берүүдө", — деп толкундануусун ал жашырган жок.
Казакстан Республикасынын курама тобунун катышуучусу Бекболат Мамырбеков 2022 жана 2023-жылдардагы олимпиадалардан алган тажрыйбаларын өтө баалайт.
"Олимпиада — бул байгелүү орун гана эмес, жаңы таанышуу жана тажрыйба. Мындай таймаштар сынчыл көз карашты өрчүтөт. Мында алган билимдин башка тармактарда да пайдасы тиет, себеби бир тарапта гана өнүкпөйсүң", — дейт ал.
М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин доценти, Эл аралык Менделеев олимпиадасына быйыл Россиядан келген курама топтун жетекчиси Елена Еремина химия боюнча улуттук олимпиадалардагы жеңүүчүлөрдү таптоо ишмердигин уюштуруу тажрыйбасынан бөлүштү.
© Фото / РИА НовостиМ. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин доценти, Эл аралык Менделеев олимпиадасына быйыл Россиядан келген курама топтун жетекчиси Елена Еремина
Доцент МГУ имени М.В.Ломоносова, руководитель сборной России на ММО-57 Елена Еремина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин доценти, Эл аралык Менделеев олимпиадасына быйыл Россиядан келген курама топтун жетекчиси Елена Еремина
"Олимпиаданын айлампасы аяктаар замат балдар менен иштеп, алардын химиялык да, психологиялык да жаңылыштыктарын талдап чыгабыз. Химия жагынан күрөшүү жеңилирээк, биз тек гана окуу керектигин айтабыз. Психологиялык жаңылыштык — бул өз убактысын туура бөлүштүрүүдө, маалыматты туура кабылдоодо кетирилген катачылыктар. Бул жаатында да иштеп, балдарга кийинки айлампага камынууда эмнеге көңүл буруу керектигине жол көрсөтөбүз", — дейт ал.
Азербайжандан барган курама топтун жетекчиси, кезегинде, тагыраак, 46-жолу өткөн ушул иш-чаранын катышуучусу Милана Агаева 2012-жылкы олимпиададагы ийгилиги бул таймашка катышуучулардын жаңы муунун таптап, аларга насаатчы болушуна кандай таасир эткенин айтып берди.
© Фото / РИА НовостиАзербайжандан барган курама топтун жетекчиси, кезегинде, тагыраак, 46-жолу өткөн ушул иш-чаранын катышуучусу Милана Агаева
Руководитель сборной Азербайджана на ММО-57, участница ММО-46 Милана Агаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Азербайжандан барган курама топтун жетекчиси, кезегинде, тагыраак, 46-жолу өткөн ушул иш-чаранын катышуучусу Милана Агаева
"Мектепти аяктаган соң жөндөмдүү балдарга олимпиадага даярданууга жардамдашууну чечкем. 2012-жылдан бери катышуучуларды тандоо, даярдык эрежелери катуу өзгөрдү. Тапшырмалар быйыл 2012-жылга караганда кыйла татаал болду. Бирок алар биздин топтун мүчөлөрүнүн купулуна толду. Алар эми практикалык айлампасын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бул иш-чаранын бир бөлүгү болуп, балдардын ийгиликке жетишине көмөкчү болуу сыймыктандырбай койбойт", — деди ал.
Эл аралык Менделеев олимпиадасы эртең да уланат.
Эл аралык Менделеев олимпиадасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Менделеев олимпиадасына 20дан ашык мамлекеттин окуучулары катышат
Жаңылыктар түрмөгү
0