Менделеев олимпиадасына 20дан ашык мамлекеттин окуучулары катышат

© Фото / пресс-служба Международной Менделеевской олимпиады школьников по химииЭл аралык Менделеев олимпиадасы
Эл аралык Менделеев олимпиадасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Жазылуу
Эл аралык Менделеев олимпиадасы 1997-жылдан бери жалпы союздук олимпиаданын ордуна өткөрүлүп келет.
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. 1инен 6-майга чейин Казакстанда өтө турган мектеп окуучуларынын химия (ММО-57) боюнча 57-эл аралык Менделеев олимпиадасына 20дан ашык мамлекеттен келген окуучулардын командалары катышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучу комитети Sputnik агенттигине билдирди.
2023-жылдагы олимпиада ковиддик чектөөлөр алынгандан берки экинчи ирет офлайн өткөнү жатканын олимпиаданын уюштуруучу комитетинин төрагасы, Россия Илимдер академиясынын вице-президенти жана МГУнун химия факультетинин илимий жетекчиси Степан Калмыков билдирди.
© Sputnik / Нина ЗотинаРоссия Илимдер академиясынын вице-президенти жана МГУнун химия факультетинин илимий жетекчиси Степан Калмыков
Вице-президент Российской академии наук (РАН) Степан Калмыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Россия Илимдер академиясынын вице-президенти жана МГУнун химия факультетинин илимий жетекчиси Степан Калмыков
"Быйыл катышуучу өлкөлөрдөн түшкөн билдирмелер дароо 30 пайызга өстү. Мындан ары дагы көбөйө берет деген үмүттөбүз", — деди ал.
Менделеев олимпиадасына: Австрия, Азербайжан, Армения, Беларусь, Болгария, Венгрия, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Македония, Монголия, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, Сауд Арабия, Сирия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Хорватия жана башка мамлекеттердин курама командалары катышат. Турнирге катышуу үчүн билдирмени алгачкылардан болуп бразилиялык команда жөнөткөн.
"Республиканын өкмөтү жана Билим берүү министрлигинин колдоосу менен 2002, 2012 жана 2017-жылдары Менделеев олимпиадасы Казакстанда өткөн. Быйыл негизги таймаштар Астанада, Назарбаев университетинин лабораториялары менен аудиторияларында болот. Жогорку окуу жайдын техникалык жактан жабдылышы олимпиаданы өткөрүү шарттарына толук жооп берет", — деди Казакстандын Агартуу министрлигинин "Дарын" республикалык илимий-практикалык борборунун директору Гаждембек Турсунов.
© Фото / пресс-служба Министерства просвещения РККазакстандын Агартуу министрлигинин "Дарын" республикалык илимий-практикалык борборунун директору Гаждембек Турсунов
Директор РНПЦ Дарын Министерства просвещения Республики Казахстан Гаждембек Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Казакстандын Агартуу министрлигинин "Дарын" республикалык илимий-практикалык борборунун директору Гаждембек Турсунов
Эл аралык Менделеев олимпиадасы 1997-жылдан бери жалпы союздук олимпиаданын ордуна өткөрүлүп келет. Таймаш беш-алты күнгө созулуп, эки тур менен өтөт (эки теориялык жана бир практикалык).
Олимпиаданын катышуучуларына уюштуруучулардан диплом жана баалуу белектер тапшырылат. Ал эми байгелүү орундардын ээлери коло, күмүш жана алтын медаль менен сыйланышат. Алтын медалдан тышкары абсолюттук жеңүүчүгө Андрей Мельниченко фонду тарабынан түзүлгөн академик В. В. Лунин атындагы сыйлык тапшырылат. 2022-жылы ал эки миллион рублди түзгөн.
© Sputnik / Нина ЗотинаОлимпиаданын уюштуруу комитетинин теңтөрагасы, Андрей Мельниченко фондунун аткаруучу директору Александр Чередник
Исполнительный директор Фонда Андрея Мельниченко Александр Чередник - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2023
Олимпиаданын уюштуруу комитетинин теңтөрагасы, Андрей Мельниченко фондунун аткаруучу директору Александр Чередник
"Бул сыйлык эл аралык Менделеев олимпиадасын түптөп, өмүрүн химиялык илимге жана химия билимине арнаган адамдын элесине арналган. Бул химиктердин жаш муунуна өткөрүп берген эстафеталык таякча болуп калды. Алар биздин келечек", — деди олимпиаданын уюштуруу комитетинин теңтөрагасы, Андрей Мельниченко фондунун аткаруучу директору Александр Чередник.
Иш-чаранын ачылышы жана жабылышы олимпиаданын расмий баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2023
Төрага Шакиев эл аралык олимпиаданы уткан 12 окуучуну куттуктап, планшет тапшырды
Жаңылыктар түрмөгү
0