6-майга карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архивдик сүрөт
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2023
Жазылуу
6-майга караган түнү жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4 градус суук болуп үшүк жүрөт. Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт, жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. 6-май, ишембиде, күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт.Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +21...+26, Ысык-Көл өрөөнүндө +10...+15, Нарында +13...+18 градус жылуу болот.
Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +17...+19, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Кыз чачын ысытылган суу менен жууп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0