Тукумсуздукту өспүрүм кезде аныктоо мүмкүн эмес, бирок алдын алса болот. Маек

© Фото / Public domainӨспүрүм кыз. Архив
Өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Жазылуу
Аялдын репродуктивдүү саламаттыгы чың болсо ал өзү каалаган учурда кош бойлуу боло алат. Жарык дүйнөгө ден соолугу чың наристе алып келет.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова болуп, ал өспүрүм кыздардын ден соолугунун репродуктивдүүлүгү тууралуу айтып берди.
© Sputnik / Асел АкматАкушер-гинеколог Гүлзат Кабылова
Акушер-гинеколог Гульзат Кабылова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Акушер-гинеколог Гүлзат Кабылова
— Канча жаштан баштап кыздар гинекологго каттоосу керек?
— Кыздар табиятынан абдан назик болгондуктан кылдат мамилеге муктаж. Дени сак бала төрөлүшү үчүн аялдын ден соолугунун чың болушу маанилүү. Өспүрүмдөрдүн өзүнчө гинекологу бар. Аларга бала төрөлгөндөн баштап эле жыныстык жактан көйгөйлөр болсо кайрылса болот. Эң негизгиси, ата-энелер кыздарына 11-14 жаш курактагы дененин өзгөрүүлөрү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү зарыл. Эгер көйгөйлөр пайда болсо, өспүрүмдөр гинекологуна кайрылса болот.
— Демек, кыздардын жылына эки жолу гинекологго баруусу кажет эмес экен да. Көйгөй болгондо гана кайрылса болот турбайбы?
– Ооба. Негизинен айыз 12 жашта келиши керек. Бирок ар кандай шартка байланыштуу эрте же кеч келиши мүмкүн. Эгер 15-16 жашка чейин айыз келбесе, сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Бул көйгөйдүн себептери көп. Аны изилдөө зарыл.
— Болочокто дени сак эне болуш үчүн өспүрүм курактан тарта эмнелерге көбүрөөк көңүл бурулушу керек?
— Кыздар аба ырайы алмашкан учурларда жылуу кийинип, оорубаганга аракет кылышы кажет. Организм бир бүтүндүк болгондуктан аялзатынын репродуктивдүүлүгүн бөлүп кароого болбойт. Суук башка дене мүчөлөрүнө тийген күндө деле залакасын жалпы организмге тийгизиши мүмкүн. Гигиенага өзгөчө маани берилиши шарт. Күндө самын каражаттарын колдонбой жуунуп туруу абзел. Интим гелдерин колдонуу сунуш кылынбайт. Ич кийим тандоодо да кылдат болуу абзел. Табигый гана кездемелерден жасалган ич кийим кийип, анын көлөмүнө маани берилүүсү шарт. Өспүрүм бат өскөндүктөн ич кийим кысып калбашы керек.
— Күнүмдүк коргоочу заттарды колдонсо болобу?
— Эч кандай көйгөй жаралбаса колдонбогону эле жакшы. Алардын эмнеден жасалганын эч ким билбейт. Көбүнчөсү кайра иштетилген материалдардан өндүрүлгөндүктөн дене дем албайт. Ошондуктан да микроорганизмдер көбөйүп, инфекция пайда болот. Колдонбой эле койгону жакшы.
— Тукумсуздукту өспүрүм курактан аныктап билсе болобу?
— Жок, мүмкүн эмес. Бирок аны алдын алса болот. Кыздарга кичине чагынан эле аябай назик мамиле жасап, апасы туура кам көрүүгө даярдашы керек. Тукумсуздукка суук тийүү, эрте жыныстык жашоого өтүү, контрацептивдик каражаттарды туура эмес колдонуу, өнөктөштөрдүн көбөйүшү сыяктуу көрүнүштөр алып келиши мүмкүн. Ата-энелер, мугалимдер, дарыгерлер биргеликте иштеп, өспүрүмдөргө ар бир жасаган иши кандай жыйынтык алып келерин түшүндүрүп берүүбүз керек. Муну менен катар аларда жоопкерчилик пайда болот.
Гепатит жугузганын билбей жүргөндөр көп. Гепатолог Азимбаеванын видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2023
Гепатит жугузганын билбей жүргөндөр көп. Гепатолог Азимбаеванын видеомаеги
— Бойдон түшүрүү таблеткаларын колдонуу канчалык кооптуу?
— Өз алдынча дарыланууга, медициналык процедураларды жасоого болбойт. Таблеткаларды колдонуу өтө кооптуу. Бул өлүмгө дагы кептейт. Тукумсуздукка шарттаган эң биринчи фактор эрте бойго бүтүү, баланы бойдон алдыруу болуп саналат. Өз алдынча бойдон түшүрүүдө инфекция сөзсүз түрдө организмге кирет. Ал эми инфекция дарылабаса сепсисти пайда кылып, адамдын өмүрүнө кооптуулук жаралат.
— Электрондук тамекилер, энергетикалык суусундуктар кыздардын репродиктивдүү ден соолугуна таасир этиши мүмкүнбү?
— Сөзсүз. Ар кандай тамекилер, баңгизаттар абдан зыян. Электрондук чылымдын курамында жөнөкөй тамекилерге караганда никотин көбүрөөк. Эркек балдарга дагы колдонгонго болбойт. Аларда деле 13-14 жашында жыныстык өзгөрүүлөр башталат. Бул жаатта уулдары менен аталардын сүйлөшкөнү оң.
— Кыздардын стресске кабылуусу айызга таасир этиши мүмкүнбү?
— Кыздарга айыз 11-16 жаш аралыгында келет. Бирок анын калыптануусу ар кандай болот. Кээ бириники бир келген боюнча ай сайын келип баштаса, башкалардыкы токтоп калат. Кыздардын стресс болуусунан улам айыз үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Кээде бул көрүнүш норма болот. Калыптанууга алты айдан бир жылга чейин убакыт берилет. Ушул аралыкта айыз да бир калыпка түшөт. Бул маселе боюнча бизге кайрылса көзөмөлдөп турабыз.
— Жаңы айыз келген маалдагы ооруну жеңилдетүүчү ыкмалар барбы?
— Айыз келгенде дененин ооруксунуусун кадыресе көрүнүш. Акыркы учурдагы табигый өзгөрүүлөрдөн улам кыздар айыз маалындагы оорудан тура албай жатып калып жатышат. Ал ооруга "чыдап жата бер" дегенге да болбойт. Эгер ооруп жатса басаңдатуучу каражаттарды колдонсо болот. Бул учурда жылуу кийинип, жылуу суусундук ичүү сунушталат. Сөзсүз дарыгерге барышы керек.
Колунда таблетка кармаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2023
Дарыга аллергия болгондор көбөйүүдө, өлүм учурлары бар. Адистин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0