Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленет? Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеңиш күнүнө карата майрамдык иш чара. Архив
Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш чара. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2023
Жазылуу
Борбор калаанын бийлиги шаардыктарды келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктап, иш-чараларга катышууга чакырган.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. 9-Майды белгилөө Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием менен башталат.
Саат 10:00дө Түштүк дарбазадан "Өлбөс полк - Кыргызстан" акциясы старт алат.
Марштын катышуучулары Түштүк дарбаза — Абдрахманов — Фрунзе көчөлөрү — Жеңиш аянты деп түзүлгөн маршрут менен келет.
Акцияны "Өлбөс полк — Кыргызстан" кыймылы, Коргоо министрлиги жана Бишкек мэриясы уюштурууда. Аны менен катар эле шаар бийлиги калаалыктарды ардагердин сүрөтүн көтөрүп алып, жүрүшкө чыгууга чакырды.
Борбордун райондорунда төмөнкү иш-чаралар уюштурулат:
Ленин району:
8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигинде митинг-реквием болот жана гүлчамбарлар коюлат;
9-майда район башчысы ардагерлердин үйүндө зыярат кылат.
Октябрь району:
9-майда саат 18:00дө "Ынтымак-2" сейил багында шаардыктар үчүн "Жеңиш ырлары" аттуу концерт даярдалат.
Биринчи май району:
2023-жылдын 1-майынан 5-майына чейин №29 спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүн майрамдоого арналган "Жеңиш кубогу" жылдык спорттук турнир өтүп жатат. Ага Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлеринин бала-чакасы, алардын сырткары Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышат;
8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөнүндө Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт;
9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада "Гармония" борбору майрамдык концерт берет.
Свердлов району:
4-майда саат 13:00дө "Красный строитель" конушунун "Аул паркында" Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюлат;
Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктап, иш-чараларга катышууга чакырган.
Өчпөс полк жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2023
Коргоо министрлиги Жеңиш күнүндө кандай иш-чаралар өтөрүн тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0