Борбор калаада ыштан арылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
Жазылуу
Бишкек мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча орун басары Жыргалбек Шамыралиев шаардагы ыш менен күрөшүү аракеттери тууралуу айтып берди.
Ыш маселеси — бул дүйнөлүк көйгөй. Чоӊ мамлекеттер, шаарлар дагы деле күрөшүп келе жатышат. Бишкектеги ышка көп болду, 2017-жылы түтүндүн концентрациясы жогорку чекке жеткен, ошол учурдан баштап маселеге көӊүл бурула баштады. Бул тууралуу Жыргалбек Шамыралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Борбор калаада ыштан арылуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
Анын айтымында, борбор калаадагы ыштын пайда болушуна 60 пайыз көмүр жагуу себеп.
"Акыркы жылдары ыштын кескин коюуланышына борбор калаанын демографиялык абалы, ага жараша шаарга кирип-чыккан унаалардын санынын (400 миӊден ашык) арбышы себеп болууда. Кышкысын үйлөрдө Кара-Кеченин арзан, быша элек көмүрү жагылып жатат. Айрым учурда суук мезгилде абанын термикалык инверсиясынан улам ыш шаар үстүндө кармалып, Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыгып калып жатат. Бул суроолор боюнча эки-үч ирет тегерек стол уюштурулуп, чечүү аракеттери талкууланды. Биз ыштан толугу менен арылабыз деген сөздөн алыспыз. Күн, ай, жыл сайын ышты пайда кылып жаткан булактарды четинен кертип азайтышыбыз керек. Ушул маселеден улам шаар ичиндеги 22 от казан газга өткөрүлүүдө. Ал эми быйыл жол картасы боюнча алты (Ак-Тилек, Ак-Тилек 1, Турбаза, өйдөкү Көк-Жар) конушка газ киргизилет. Жыл башында Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 120 автобус сатып алды. Дагы жылдын соӊуна чейин 800 автобус алуу пландалууда. Аны менен бирге атайын автобустар гана жүрчү жол тилкеси бөлүнөт. Алдыда бара-бара 4 000 кичи автобусту шаардын четине чыгаруу аракети көрүлөт. Таштанды полигону да абанын булганышына себеп болууда. Ыктыярчылардын жардамы менен түтөп, күйүп жаткан таштандыга топурак төгүп, дээрлик токтотулду. Эми айланасы тосулуп жатат. Себеби ал жерге каалаган киши кирип, билгенин кылып келген. Дүйнөлүк практикада колдонулган полигонду терраса кылуу ыкмасы киргизилип жатат. Бул жерге тигүү цехинен чыккан калдыктарды жок кылуу же кайра иштетүү техникасы, бульдозер алып келинет. Чехиялык консорциумдун жардамы менен жаӊы заманбап санитардык полигон курулуп, завод тургузулат. Дрондор да алып келинип, таштандыда пайда болгон биометанды аныктап, дегазация иштери жүрөт. Ошондой эле шаар ичинде ар бир районго төрттөн сквер салынып (2023-жылы 26 гектар жерге), веложолдор көбөйтүлөт. Аны менен бирге ирригация толугу менен калыбына келтирилип жатат. Быйыл конуштарда муниципалдык мончолордун курулушу башталат", — деди Шамыралиев.
Ал электротакси долбоорун ишке киргизүү жана электрокубаттагыч станцияларын куруу пландалып жатканын кошумчалады.