Ысык-Көл музейинин директору: аймактан чыккан 15 киши СССР Баатыры болгон
© Фото / предоставлено Гулум АлымкожоевойЫсык-Көл мамлекеттик аймактык тарыхый-маданий музей-коругунун директору Гүлүм Алымкожоева
© Фото / предоставлено Гулум Алымкожоевой
Жазылуу
Ысык-Көл мамлекеттик аймактык тарыхый-маданий музей-коругунун директору Гүлүм Алымкожоева музейдеги сакталган буюмдар Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу маалыматты далилдүү жана жеткиликтүү айтып берүүгө мүмкүндүк берерин айтты.
Музейдеги буюмдар кыргыз элинин тарыхын, мурасын, таберигин сактап, кийинки муунга жеткирүүдө чоӊ ролду ойнойт. Бул тууралуу Гүлүм Алымкожоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ысык-Көл музейинин директору: аймактан чыккан 15 киши СССР Баатыры болгон
Анын айтымында, музей — өткөн тарых жөнүндөгү билимди сактоочу жана аны урпактарга өткөрүп берүүчү негизги жай.
"Быйыл Улуу Жеӊиштин 78 жылдыгын майрамдаганы турабыз. Биздин мекеме Ысык-Көл облусу боюнча негизги музей болгондуктан ушул аймакка тиешелүү тарыхты камтыган экспозиция, ошол тарыхый жылдарга арналган стенд уюштурулган. Улуу Ата Мекендик согушка республика боюнча 360 миӊден ашуун жоокер катышса, Ысык-Көл облусу боюнча 15 адам Советтер Союзунун Баатыры (Николай Ананьев, Григорий Конкин, Иван Москаленко, Григорий Петренко, Григорий Щенякин жана Дүйшөнкул Шопоков) болду. Андан тышкары, 28 панфиловчу ушул аймактан чыккан. Мурдагы Сазановка айылына согуштан соӊ Советтер Союзунун Баатыры Николай Ананьевдин аты ыйгарылды. Бул айылдан советтик аскер башчы, армиянын генералы, Советтер Союзунун үч жолку баатыры Николай Лященко чыккан. 1910-20-жылдары согушка чейин эле Лященконун үй-бүлөсү Кыргызстанга көчүп келген. Бул кишинин Испания, Кытайдын жарандык согуштарына катышканы белгилүү. Анын атынан азыр көчө, сыйлыктар, эстелиги бар. Учурда биздин музейде Лященконун генералдык костюму илинип турат. Ошондой эле совет доорунда жана 1993-1995-жылдары да фотокорреспондент болуп эмгектенген Николай Жигановдун фотоаппаратын көзү тирүү кезинде алып калганбыз. Архивдик материалдары, сүрөттөр музейде сакталган. Андан тышкары, согушка катышкан адамдардын эмгек китепчеси, комсомолдук, пионердик билеттери, алган сыйлык, грамоталары жана ошол учурда жазылган каттар бар. Бул нерселер жаштарга Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу тарыхты далилдүү жана жеткиликтүү айтып берүүгө мүмкүндүк берет", — деди Алымкожоева.
Ал жыл сайын 9-майда ачык эшик күнү жарыяланып, эл көбүрөөк агылып, музейдеги буюмдарды көрүп ата-бабаларды эскерип кетишерин кошумчалады.