Жапаров Мирзиёев менен телефон аркылуу да сүйлөштү. Эмне кеп болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовПрезидент Садыр Жапаров жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров жана Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2023
Жазылуу
Өлкө башчы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлгөнүн белгиледи.
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бүгүн, 1-майда, президент Садыр Жапаров Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Мирзиёевди өлкөнүн келечектеги өнүгүү жолун аныктаган дагы бир орчундуу жана тарыхый окуяга айланган конституциялык референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган.
Ошондой эле Мирзиёев тарабынан жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформа, анын ичинде өлкөнү мындан ары өнүктүрүү үчүн жаңы идеяларды жана принциптерди ишке ашыруу багыты да достук мамиледеги Өзбекстандын дүйнөлүк саясаттагы аброюн бекемдөөгө салым кошоруна ишенимин билдирген.
"Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жогорку деңгээлдеги ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк түзүлүп, бир туугандык, достук жана ынак коңшулук мамилелерге негизделген бардык деңгээлде конструктивдүү жана ишенимдүү диалог түзүлгөнүн белгиледи. Кабыл алынган биргелешкен Жол картасына ылайык, тараптардын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер толук көлөмдө уланууда", — деп жазылган маалыматта.
Сүйлөшүү учурунда мамлекет башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу форматта боло турган иш-чаралардын графиги боюнча да пикир алышкан.
Өзбекстандын Баш мыйзамынын жаңы долбоору жактырылды. Ага добуш бергендердин 90,21 пайызы сунушталган демилгени колдоорун билдирди. Алдын ала маалымат боюнча, добуш бергендердин саны 84,54 пайызды (16,6 миллион адам) түздү.
Конституциянын жаңы редакциясына дагы 27 беренени киргизүү пландалууда. Жалпы беренелердин саны 155 болмокчу.
Атап айтканда, республиканын тургундарына президенттин ыйгарым укуктарын беш жылдан жети жылга чейин узартуу боюнча пунктуну кабыл алуу сунушталып жатат. Кошумчалай кетсек, конституциялык мыйзам долбоору азыркы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин бул кызматка катары менен эки мөөнөттөн кийин кайра дагы шайлануусуна жол ачат.
Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2023
С. Жапаров Мирзиёевди референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0