Акчасы жакшы, түйшүгү көп тигүү цехтери. Тигүүчүнүн видеомаеги

Жазылуу
Кыргыз экономикасынын приоритеттүү төрт тармагынын бири — жеңил өнөр жайы. Тигүүчүлөрдүн да өз көйгөйү жана максаттары бар.
Негизинен биз Борбор Азия менен Россиянын рыногуна чыгабыз. Ошондуктан азыр жумушчулар жетишпей жатканы да айтылат. Жаштар иш издеп сыртка чыгып жатканы менен бул тармакта иштегендердин 80-90 пайызы — аялдар. Биздин каарманыбыз, тигүүчү Нурзат Аракеева 20 жылдан бери тигүү цехтеринде иштейт, тармактын ысык-суугун татып, балдарын ак эмгеги менен эрезеге жеткирген. Ал акыркы кезде цехте эркектер да көп иштеп жатканын айтты.
Нурзат Аракеева учурда борбордун четиндеги тигүү цехтеринин биринде иштеп, үч баласын тигүүчүнүн маянасы менен жогорку окуу жайларында окутуп, эч нерседен кем кылбай өстүргөн. Алдыда үй алсам деген кыялы бар.
Мындан беш-он жыл мурункуга караганда тигүүчүлөрдүн иштөө шарты бир аз оңолгону менен көйгөйлөр дагы да көп. Цехте иштегендер болгону жылуу жерде, таманынан сыз өтпөй иштеп, айлыгын учурунда алууну көздөшөт. Мамлекет тигүүчүлөргө да бирдей иш убактысын коюп берсе дегенде эки көзү төрт. Анткени буюртма көп кезде күнү-түнү иштеген тигүүчүлөр үй-бүлөсү менен көбүрөөк болууну, уйкусу кана уктап эс алууну каалашат.
Аракееванын айтымында, азыр кездемеден баштап фурнитуранын баары сырттан алып келинет. Антпесе тигүү тармагынын жашоосу кыйын болуп калат. Материалдар, жип-шууга чейин өзүбүздөн чыкса аталган тармактын ишин дагы да алдыга сүрөмөк дейт тикмечи.
Тема боюнча:
Курманжан даткадай аялды эч бир элден таппадым. Назира Мамбетованын видеомаеги
Жаңылыктар түрмөгү
0