Улуу Ата Мекендик согуштагы ар бир үчүнчү ок Кеминден чыккан. Тарых барагы
11:51 28.04.2023 (Жаңыртылды: 12:09 28.04.2023)
Жазылуу
Исхак Раззаков атындагы КМТУнун ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты Саламат Малабаев Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле СССРдеги өндүрүштү Кыргыз ССРине көчүрүү ыктымалдуулугу каралганын айтты.
Тарыхты карап көрсөк, СССР дүйнө жүзүндө социалисттик саясатты ийгиликтүү жүргүзгөн алгачкы мамлекет болуп калат. Ошондуктан бийлик дагы согуш чыгып кетиши мүмкүн экенин жакшы түшүнгөн. Бул тууралуу Саламат Малабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштагы ар бир үчүнчү ок Кеминден чыккан. Тарых барагы
Анын айтымында, 1920-1930-жылдары эле алдыда согуш чыгып кетүү коркунучу жаралса өндүрүштү Кыргыз ССРине көчүрүү пландары каралып, ишканалардын макеттери түзүлгөн.
"Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргыз ССРи бирден-бир ишенимдүү оорук боло алган. Анткени республика фронттон алыс жайгашкан, өндүрүштү бул жакка эвакуациялоо иштерине аз да болсо даярдык мурдатан бар эле. Согушка чейин эле өлкөгө ар тармактагы адистер келип өндүрүштү көчүрүү зарылчылыгы жаралган учурга иш планды бекитип, макеттерди түзүп кетишкен. Ок-дары жасаганга керектелчү кен тармагы изилденип, өлкөнүн оорук болуу мүмкүнчүлүктөрү ар тараптуу каралган. Ошондуктан 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталып, алгачкы советтик аскерлер арасында чоң жоготуулар болуп мамлекет коркунучка кептелгенде завод-фабрикаларды Кыргыз ССРине көчүрүү иштери колго алынган. Кыска убакытта 50гө чукул түрдүү багыттагы ишканалар пайда болгон. 1943-жылы Илимдер академиясынын филиалы Фрунзе шаарында ачылып, Кыз-келиндер педагогикалык институту түптөлгөн. Билим берүү, илимден сырткары, маданият да гүлдөп өнүккөн. Анткени ооруктагы адамдарды агартуу, жан дүйнөсүн азыктандыруу, шык, дем берүү зарылдыгын ошол кездеги бийлик жакшы түшүнгөн. Мунун жемишин биз Ленинград блокадасында калган 150гө чукул наристени өз балдарындай багып алган Токтогон Алтыбасарова сыяктуу советтик кыргыздардын жасаган эмгектеринен ачык көрө алабыз. Ошондой эле Советтик Кыргызстан фронтту ок-дары менен камсыздоодо да маанилүү орунда болгон. Тарыхчылардын арасында фронтто атылган ар бир үчүнчү ок Кемин районундагы Ак-Туз айылынан казылып, Советтик Казакстандан жасалып чыккан деген сөз бар. Бул бекеринен айтылган эмес. Ак-Туздун рудасы советтик армияны ок-дары менен камсыздап турган", — деди Малабаев.
Тарыхчы Советтик Кыргызстанды оорукка айландырууда уюштуруу иштерин мыкты аткарган, ошол кездеги Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин председатели Төрөбай Кулатовдун эмгеги эбегейсиз экендигин кошумчалады.