Эртең түштөн кийин "Ала-Тоо" аянтынан өтчү унаа жол жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери. Архив
Ала-Тоо аянтындагы милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
Ишембиде борбор калаанын 145 жылдыгына карата майрамдык концерт өтөт.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Эртең, 29-апрелде, Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү саат 16: 00дөн 00:00гө чейин жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бул күнү "Ала-Тоо" аянтында Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата майрамдык концерт өтөт. Кеч курун саат 18:00дө борбордук аянтта эстрада ырчыларынын катышуусунда концерттик программа тартууланат.
Бишкектеги Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Пресс-борбор
Бишкектин 145 жылдыгын майрамдоо кандай өтөрү айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0