00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шылуундардын өзүн алдап пенсионердин акчасын кайтарган кыргызстандык таксист. Видео

© Sputnik / Наталья СеливерстоваТакси автоунаасы. Архив
Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2023
Жазылуу
Москвада иштеген мекендеш маек куруп, окуянын чоо-жайын айтып берген.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россияда иштеп жүргөн кыргызстандык таксист Жеңишбек Кабылов шылуундардын тобун алдап, пенсионер аялга 500 миң рублин кайтарып берди. Мекендеш башынан кечирген окуясын айтып берип, "Рен ТВ" телеканалына маек курган.
Курьер кырдаал кандай нукта өнүгүп баратканын гана боолголоп тим болбой, өз кызматы үчүн акы да алып, аялдын акчасын да сактап калган схеманы иштеп чыккан. Натыйжада кыргызстандык жөнөкөй жигит шылуундардын өзүн алдап кеткен.

Окуянын чоо-жайы

Бул кадимки эле буйрутма болгон, таксист пенсионер аялдын сумкасын алып айтылган дарекке жеткирип бермек.
"Мен буйрутма алгандан кийин тигилер мага дагы бир жолу чалып, шашып жаткандыктарын, андыктан менин да тезирээк келишимди өтүнүштү", — деп айтып берген Кабылов.
Айдоочу пенсионер аялдан да шектене баштаган. Посылканы берип жатып ою бир жерде болбой тынчсызданып жатканы байкалган. Курьердин "бул акчабы?" деген суроосуна "жок" деп жооп берген. Жолдо баратып Жеңишбек баштыкты ачып көрүүнү чечет. Бет аарчы, печенье, көйнөктөрдүн алдында жарым миллион рубль акча бар экени белгилүү болгон. Кырдаалды, буйрутма берген адамдын абалын анализдеп, айдоочу ишенчээк аялдын акчасын шыпырып алууну көздөгөн шылуунчулук схеманын бир бөлүгү болуп калганын түшүнгөн.
Жеңишбек сумкадан акчаны алып чыгат. Буйрутмадан баш тартууну ойлонуп, кайра ал оюнан кайтат.
"Кетирген убактым үчүн акча алышым керек да. Айткан жерине келдим, акчасын алып, бош баштыкты карматтым", — деди таксист.
Заказы үчүн 2000ден ашуун рубль төлөгөн буюртмачы сумканы алган боюнча үйгө кирип кетет. Кайра жолго чыккан Жеңишбекке бир нече мүнөттөн кийин телефон чалышат.
"Мага чалып коркута башташты. "Баштыкты эмне аңтардың, акчаны кайтар, баары бир таап алабыз" дешти", — деп айтып берген мекендеш.
Таксист полицияга кайрылып, андан ары пенсионер аялдын үйүн көздөй жол алган. Бекер шектенбептир, аял чындап эле шылуундардын кайырмагына илинип калган экен. Телефонуна чалган "тергөөчүлөр" аварияга кабылган сиңдисин сактап калабыз деп акча талап кылышкан.
"Сотко бербеш үчүн акча керек экенин айтышты. Үч миллион сомдой дешти. Мен андай акчам жок экенин айттым", — дейт жабырлануучу Светлана Малютина.
84 жаштагы аялды ай-буйга келтиришкен эмес, эки жакка чалууга тыюу салып, психологиялык кысым көрсөтүшкөн. Пенсионер болгон акчасын жыйнап, курьерден берип жиберген. Айтканын айткандай жасаган кемпир полиция кызматкери менен кайра келген таксистти көрүп аябай таң калган.
"Окуянын чоо-жайы дайын болгондон кийин полиция аялга таксист аны шылуундардан сактап калганын айтып берген. Акчасы кайтарылган кемпир таксистке алкышын айтты", — деди Россия ИИМинин Москва боюнча ББдин маалымат жана коомчулук менен байланышуу башкармалыгынын башчысы Владимир Васин.
Жеңишбек өзү кандайдыр бир эрдик жасадым деп эсептебейт. Анын ордунда ким да болсо ушундай кылмак деген пикирде. Достору Жеңишбек абдан боорукер, жардамга дайым кол суна билген адам экенин айтышкан.
Кыргызстандык таксисттин окуясынан кийин тартип сакчылары кезектеги телефон шылуундарынын изине түшүп, учурда кылмыш иши козголду. Жеңишбектин берген маалыматы алдамчыларды тезирээк аныктоого шарт түзөт.
Учурда мекендешибиз кадимкидей эле иштеп жүрөт. Ыраазычылык иретинде агрегатор ага бонустарды ыйгарган.
Таксист Нурсултан Кайназаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2019
Аз жерден калдым! Москвада 1 млн. рублди ээсине кайтарган таксисттин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0