"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына табыштамаларды кабыл алуу башталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы. Архивдик сүрөт
Ак илбирс улуттук кино сыйлыгы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2023
Жазылуу
Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылып, ал 2-июнда борбор калаада өтөт.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгына талапкерлердин табыштамаларын кабыл алуу башталды. Сынакка 2021-2022-жылдары тартылган бардык жанрдагы фильмдер катыша алат. Сыйлык тапшыруунун салтанаттуу аземи Бишкек шаарында 2-июнда өтөт.
"Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы – өткөн жылдын жыйынтыгы менен кинематографиянын мыкты адистерин сыйлаган жыл сайын болуучу иш-чара. Ал улуттук кинематография кызматкерлеринин эмгегин жана жетишкендиктерин даңазалоо, өлкөнүн кино тармагынын өнүгүүсүнө түрткү жасоо максатында өткөрүлөт. Аталган улуттук кино сыйлык 2012-жылы бараандуу кинематографисттердин тобу тарабынан негизделген. Кыргызстандагы кино тармагындагы жетишкендиктер үчүн ыйгарылган алгачкы сыйлык. Иш-чара Кинематографисттер бирикмесинин, "Айтыш" коомдук фондунун, Кинематография департаментинин, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен өткөрүлүп келет.
2020-жылкы эмгектерди сыйлоо аземи коронавирус пандемиясына байланыштуу, ал эми 2021-жылдагы сыйлык тапшыруу аземи дүйнөдөгү окуяларга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

Сыйлык 18 номинация боюнча тапшырылат:

Мыкты тасма;
Мыкты режиссёр;
Мыкты сценарий;
Мыкты оператор;
Мыкты сүрөтчү;
Мыкты композитор;
Мыкты үн режиссёр;
Мыкты монтаж;
Эркектин мыкты ролу;
Аялдын мыкты ролу;
Мыкты даректүү кино;
Мыкты кыска метраждуу кино;
Көрүүчүлөр жактырган мыкты кино;
Улуттук кинематографияга кошкон салым;
Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салым;
Борбор Азиядагы мыкты кино;
Борбор Азиянын мыкты актёру;
Борбор Азиянын мыкты актрисасы.
Документ тапшыруунун мөөнөтү 30-апрелде аяктайт, табыштаманын үлгүсүн төмөнкү шилтеме аркылуу кирип жүктөп алууга болот.
Аны толтурган соң akilbirsnma@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүү керек, сынактын координатору Саадат Казакбаева.
Байланыш номери: +996(706) 190 201.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгынын эл аралык өнөктөшү болуп эсептелет.
Видеооператор тасма тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Министрлик "Эң мыкты кинодолбоор" сынагын жарыялады. Шарт-талабы
Жаңылыктар түрмөгү
0