Министрлик "Эң мыкты кинодолбоор" сынагын жарыялады. Шарт-талабы

© Фото / PexelsВидеооператор тасма тартуу учурунда. Архив
Видеооператор тасма тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2023
Жазылуу
Иш-чара жаш кинематографисттерди колдоо максатында уюштурулууда.
БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эң мыкты кинодолбоор" сынагына көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлорун кабыл ала баштады.
Конкурс жаш кинематографисттерди колдоо максатында уюштурулгандыгы айтылды.
Сынакка билдирмелер 2023-жылдын 14-апрелине чейин кабыл алынат.
Кабыл алуу эрежеси:
көркөм жана даректүү тасмалардын долбоорлору кабыл алынат;
катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болуусу керек;
долбоорлор кыргыз жана орус тилдеринде кабыл алынат.
Талаптар:
Кинематография департаментинин директорунун атына кат;
өтүнмө (формасы тиркелет);
долбоордун кыскача синопсиси (формасы тиркелет);
календарлык план (формасы тиркелет);
Министрлик жогорудагы талаптарга жооп бербеген документтер кабыл алынбай тургандыгын эскертет.
Сурап билүү телефондору: +996 312 300265; +996 312 301047.
Кызматкер. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.03.2023
Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт
Жаңылыктар түрмөгү
0