https://sputnik.kg/20230425/shakiev-menen-volodin-moskvada-emneni-suyloshtu-1074738803.html
Бейөкмөт уюмдар, мигранттар. Шакиев менен Володин Москвада эмнени сүйлөштү
Бейөкмөт уюмдар, мигранттар. Шакиев менен Володин Москвада эмнени сүйлөштү
Sputnik Кыргызстан
ЖК менен Мамдумадан эки спикер эмне маселелерди талкуулагандыгын кабарлашты. 25.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-25T19:02+0600
2023-04-25T19:02+0600
2023-04-25T19:13+0600
кыргызстан
россия
жогорку кеңеш
нурланбек шакиев
мамлекеттик дума
вячеслав володин
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074735365_0:121:2154:1333_1920x0_80_0_0_e411000a4aa9a2ec61d27bca378c73f1.jpg
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россияга болгон расмий иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Федералдык жыйындын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлады.Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланган.Шакиев расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Мамдуманын төрагасы Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгилеген.Муну менен катар парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган ЖК спикери мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана биргелешкен комиссиялардын деңгээлинде да өнүктүрүү маселесин көтөргөн.Экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Шакиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 3,2 млрд. долларга жеткенин белгилеген."Шакиев түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюу жана чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү. Ошондой эле ар кандай себептерден улам Россиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого Мамлекеттик думанын төрагасын көмөктөшүүгө чакырды", — деп билдирген ЖКнын маалымат кызматы.Өз кезегинде Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36 пайызы россиялык инвесторлорго таандык экенин мисал келтирген. Айрыкча, кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Россиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан Мамдума төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын билдирди.Мамдуманын маалымат кызматы Володин Россия менен Кыргызстандын алакасы стратегиялык мүнөзгө ээ деп белгилегендигин жазган.Володин андан сырткары тарыхый эстеликтерди коргоо, сактоонун маанилүүлүгүн айткан.Мамдума төрагасы КР менен РФ чет элдик кийлигишүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында тажрыйба алмашууну да белгилеген.Спикердин айтымында, батыш каржылаган коммерциялык эмес уюмдар ар кыл өлкөлөрдө " суверенитет, мамлекеттүүлүк" деген түшүнүктөрдү жок кылууга аракет кылып келишет". Ал эми бул жаатта Россиянын тажрыйбасы Кыргызстанга пайдалуу болорун айткан.
https://sputnik.kg/20230425/sadyr-zhaparovdun-moskva-saparynda-emneler-talkuulanary-aytyldy-1074723014.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/19/1074735365_122:129:1889:1454_1920x0_80_0_0_aacdd02be6eade65398ad83b06537196.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, жогорку кеңеш, нурланбек шакиев, мамлекеттик дума, вячеслав володин
кыргызстан, россия, жогорку кеңеш, нурланбек шакиев, мамлекеттик дума, вячеслав володин
Бейөкмөт уюмдар, мигранттар. Шакиев менен Володин Москвада эмнени сүйлөштү
19:02 25.04.2023 (Жаңыртылды: 19:13 25.04.2023) ЖК менен Мамдумадан эки спикер эмне маселелерди талкуулагандыгын кабарлашты.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россияга болгон расмий иш сапардын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Федералдык жыйындын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлады.
Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланган.
Шакиев расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн Мамдуманын төрагасы Володинге ыраазычылык билдирип, алакаларды арттырууда мындай жолугушуулардын мааниси чоң экенин белгилеген.
"Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достукка жана өз ара ишенимге негизделген стратегиялык өнөктөштүк жылдан-жылга өнүгүп келет. Биз бардык тармактар боюнча калыптанган байланыштарды мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз", – деген Шакиев президент Садыр Жапаровдун май айынын башында Россияга пландалган расмий сапарына карата олуттуу даярдыктар көрүлүп жатканын кошумчалаган.
Муну менен катар парламенттер аралык алакалар тууралуу сөз кылган ЖК спикери мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты тармактык комитеттердин жана биргелешкен комиссиялардын деңгээлинде да өнүктүрүү маселесин көтөргөн.
Экономикалык байланыштар тууралуу сөз кылган Шакиев эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү өткөн жылы 3,2 млрд. долларга жеткенин белгилеген.
"Шакиев түз аба каттамдарынын санын көбөйтүү, Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюу жана чек арадагы тоскоолдуктарды азайтуу зарылчылыгына токтолуп, кыргызстандыктар үчүн миграциялык саясатты жөнөкөйлөштүрүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү. Ошондой эле ар кандай себептерден улам Россиянын абак жайларында камалып жаткан кыргызстандыктарды мекенине экстрадициялоого Мамлекеттик думанын төрагасын көмөктөшүүгө чакырды", — деп билдирген ЖКнын маалымат кызматы.
Өз кезегинде Володин да байланыштар жылдан жылга кеңейип жатканын эске салып, Кыргызстанга жасалган тышкы инвестициялардын 36 пайызы россиялык инвесторлорго таандык экенин мисал келтирген. Айрыкча, кыргызстандык эмгек мигранттары өз өлкөсүнө гана эмес, Россиянын экономикасына да чоң салым кошуп жатканын айткан Мамдума төрагасы түз аба каттамдарын көбөйтүү багытындагы сунушту колдой тургандыгын билдирди.
Мамдуманын маалымат кызматы Володин Россия менен Кыргызстандын алакасы стратегиялык мүнөзгө ээ деп белгилегендигин жазган.
Володин андан сырткары тарыхый эстеликтерди коргоо, сактоонун маанилүүлүгүн айткан.
"Көз каранды эмес, эгемен мамлекетте жашаган элдин гана келечеги бар", — деген ал.
Мамдума төрагасы КР менен РФ чет элдик кийлигишүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар жаатында тажрыйба алмашууну да белгилеген.
Спикердин айтымында, батыш каржылаган коммерциялык эмес уюмдар ар кыл өлкөлөрдө " суверенитет, мамлекеттүүлүк" деген түшүнүктөрдү жок кылууга аракет кылып келишет". Ал эми бул жаатта Россиянын тажрыйбасы Кыргызстанга пайдалуу болорун айткан.