26-апрелге карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаары. Архивдик сүрөт
Бишкек шаары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Жазылуу
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Баткен, Ош облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +19...+24, Талас жергесинде +18...+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23...+28, ал эми Ысык-Көл чөлкөмүндө +15...+20, Нарын аймагында +14...+19 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +22...+24 жана Ош калаасында +26...+28 градуска жетет.
Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин тариф жана бааны жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы Абайылда Адылбек уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2023
Радио
Былтыр электр энергиясына болгон чексиз тарифти 867 эле абонент колдонгон
Жаңылыктар түрмөгү
0